Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каракол шаардык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын XXXX сессиясы
2024-жылдын 7-майындагы № 28-42/1
Каракол шаарынын Гречко жана Кутманалиев атындагы кѳчѳлѳрʏнʏн кесилишиндеги жер тилкесин муниципалдык менчиктин балансына кабыл алуу жѳнʏндѳ
Каракол шаарынын мэриясынын биринчи вице-мэри Н.Турсунбековдун, 2024-жылдын 7-майындагы чыг:№01-16-1946, Каракол шаарынын муниципалдык мʏлк башкармалыгынын башчысы С.С.Ɵскѳнбаевдин, 2024-жылдын 7-майындагы, чыг.№01-10/286, Мамлекеттик Улуттук Коопсуздук Комитетинин Ысык-Кѳл областы боюнча башкармалыгынын башчысы А.А.Капаровдун, 2024-жылдын 2-апрелиндеги чыг:№06-5/2447 бала-бакча куруу ʏчʏн, жер тилкесин бѳлʏп берʏʏ жѳнʏндѳгʏ кайрылуу каттарын карап жана талкуулап, жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XXXXII сессиясы,
токтом кылат:
1. Каракол шаарынын мэриясы, Каракол шаарынын Гречко жана Кутманалиев атындагы кѳчѳлѳрʏнʏн кесилишиндеги жайгашкан, жалпы аянты 2275 м2 жер тилкесин, Каракол шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигинин балансына кабыл алсын.
2. Каракол шаарынын мэриясына, Мамлекеттик Улуттук Коопсуздук Комитетинин Ысык-Кѳл областы боюнча башкармалыгына, Гречко жана Кутманалиев атындагы кѳчѳлѳрʏнʏн кесилишиндеги жайгашкан, жалпы аянты 2275 м2 жер тилкесин бала-бакча куруу ʏчʏн, мѳѳнѳтсʏз колдонууга уруксаат берсин.
3. Каракол шаардык регионалдык, шаар куруу жана архитектура башкармалыгы бул токтомдо, кѳрсѳтʏлгѳн обьектти, максаттуу пайдалануу жагын, кыйшаюсуз аткаруусун камсыз кылсын.
4. Эгерде, 3 жылдын ичинде Улуттук коопсуздук Комитетинин Ысык-Кѳл облусу боюнча башкармалыгына балдар бакчасынын курулушу бʏтпѳсѳ, берилген жер тилкеси бир тараптуу тартипте Каракол шаарынын муниципалдык менчигине, Кыргыз Республикасынын мыйзамдуулугуна ылайык кайтарылсын.
5. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестерине киргизʏʏ ʏчʏн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
6. Токтом ММКларда жарыялансын.
7. Бул токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл кылуу Каракол шаардык Кеңешинин жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын биринчи-вице мэрине жʏктѳлсʏн.
Тѳраганын орун басары Ж.А.Тʏлѳжанов
Жиберилди:Д-1, ТК-1, Мэрия-1, УКМК-1, мамкаттоо-1, архитектура-1, ММК-1, юстиция-1