Загрузка документа…
КҮМҮШТАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Күмүштак айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышындагы депутаттардын VI сессиясынын
2024-жылдын 10-июну № 3
“Күмүштак” муниципалдык ишканасына караштуу Күмүштак айыл аймагындагы чоң Талас каналынын жээгинде жайгашкан №976 контурундагы жайыт жерлерине караштуу жерге орноштурулган “Жал”, “Культурный” массивдерин тейлеген суугат суу сордуруучу насосун Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы Министрлигине караштуу суу ресурстары кызматына өткөрүп берүү жөнүндө
“Күмүштак” муниципалдык ишканасынын жетекчиси А.Акматованын сунушун жана Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы Министрлигине караштуу суу ресурстары кызматынан 2024-жылдын 21-майында келген №03-16/1068 чыгыш сандуу катын карап чыгып талкуулап Күмүштак айылдык Кеңешинин I чакырылышындагы депутаттардын VI сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күмүштак айыл аймагындагы чоң Талас каналынын жээгинде жайгашкан №976 контурундагы жайыт жерлерине караштуу жерге орноштурулган “Жал”, “Культурный” массивдерин тейлеген суугат суу сордуруучу насосу жана ошондой эле суу сордуруучу курулмасынын астындагы жер аянты айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алынып, Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы Министрлигине караштуу суу ресурстары кызматынын карамагына өткөрүлүп берилсин.
2. Тиешелүү документ, иш кагаздарын даярдоо жагы “Күмүштак” муниципалдык ишканасынын жетекчиси А.Акматовага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Күмүштак айыл өкмөтүнүн башчысы З.М.Надырбаевге милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер, айыл чарбасы, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Мамыралиев А. |