Загрузка документа…
КҮМҮШТАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Күмүштак айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышындагы депутаттардын VI сессиясынын
2024-жылдын 10-июну № 4
Боо-Терек айылындагы Дрен, Жики-Арык, Кулубай-Арык каналдарын жана Көтөрмө массивиндеги арыктарды каздырууга акча каражат бөлүп берүү жөнүндө
“Күмүштак” муниципалдык ишканасынын жетекчиси А.Акматованын Боо-Терек айылындагы каналдарды жана арыктарды каздыруу жөнүндөгү сунушун угуп, карап чыгып, талкуулап Күмүштак айылдык Кеңешинин I чакырылышындагы депутаттардын VI сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Боо-Терек айылындагы Дрен, Жики-Арык, Кулубай-Арык каналдарын жана Көтөрмө массивиндеги арыктарды каздыруу үчүн Күмүштак айыл өкмөтүнүн бюджетинен 260000 (эки жүз алтымыш миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Күмүштак айыл өкмөт башчысы З.Надырбаевге жана Күмүштак айыл өкмөтүнүн каржы-экономика жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Р.Дуйшенкуловага жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Мамыралиев А. |