КҮМҮШТАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Күмүштак айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышындагы депутаттардын VI сессиясынын
2024-жылдын 10-июну № 5
Жайыт жана таштанды төлөмдөрүн Күмүштак айыл өкмөтүнүн аткаруу планынан алып салып “Күмүштак” муниципалдык ишканасына аткарууга өткөрүп берүү жөнүндө
Жайыт жана таштанды төлөмдөрүн Күмүштак айыл өкмөтүнүн аткаруу планынан алып салып “Күмүштак” муниципалдык ишканасына аткарууга өткөрүп берүү жөнүндөгү маселени угуп, карап чыгып, талкуулап Күмүштак айылдык Кеңешинин I чакырылышындагы депутаттардын VI сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күмүштак айыл аймагындагы жайыт жана таштанды төлөмдөрүн Күмүштак айыл өкмөтүнүн аткаруу планынан алып салып “Күмүштак” муниципалдык ишканасына аткарууга өткөрүлүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Күмүштак айыл өкмөтүнүн башчысы З.Надырбаевге жана “Күмүштак” муниципалдык ишканасынын жетекчиси А.Акматовага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин депутаттарынынбюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Мамыралиев А. |