Загрузка документа…
КҮМҮШТАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Күмүштак айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышындагы депутаттардын VI сессиясынын
2024-жылдын 10-июну № 6
“Күмүштак” муниципалдык ишканасына каналдарды каздыруу үчүн атайы техника алуу боюнча Бакай-Ата райондук өнүктүрүү фондусуна долбоорлорду тандоо жөнүндө
“Күмүштак” муниципалдык ишканасына каналдарды каздыруу үчүн атайы техника алуу боюнча Бакай-Ата райондук өнүктүрүү фондусуна сунуштала турган долбоорду угуп, карап чыгып, талкуулап Күмүштак айылдык Кеңешинин I чакырылышындагы депутаттарынын VI сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Күмүштак” муниципалдык ишканасына каналдарды каздыруу үчүн атайы техника алуу боюнча долбоору жактырылып Бакай-Ата райондук өнүктүрүү фондусуна сунушталсын.
2. Аталган долбоор жумушчу топ тарабынан даярдалып, Бакай-Ата райондук өнүктүрүү фондусуна жөнөтүлсүн.
3. Долблоордун аткарылышын камсыздоо жагы “Күмүштак” муниципалдык ишканасынын жетекчиси А.Акматовага милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Күмүштак айыл өкмөтүнүн башчысы З.Надырбаевге жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин депутаттарынын бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына калтырылсын.
Төрага |
| Мамыралиев А. |