Загрузка документа…
КҮМҮШТАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Күмүштак айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышындагы депутаттардын VI сессиясынын
2024-жылдын 10-июну № 8
Күмүштак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги административдик имараты жайгашкан 44 сотых жер аянтынын 39 сотых жер тилкесине заманбап спорттук комплексин курууга уруксат берүү жөнүндө.
Күмүштак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги административдик имараты жайгашкан 44 сотых жер аянтынын 39 сотых жер тилкесине заманбап спорттук комплексин курууга уруксат берүү жөнүндөгү депутаттардын сунушун угуп, карап чыгып талкуулап Күмүштак айылдык Кеңешинин I чакырылышындагы депутаттардын VI сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күмүштак айыл өкмөтүнүн (6-02-02-1001-18-19 кодировкасында) административдик имараты жайгашкан муниципалдык менчиктеги 44 сотых жер аянтынын 39 (отуз тогуз) сотых жер тилкесине заманбап спорттук комплексин куруу үчүн бөлүнүп берилсин жана курулуш иштеринин башталышына уруксат берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жана тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана жер маселелери боюнча адисине милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин депутаттарынын “Жер, айыл чарбасы, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Мамыралиев А. |