Загрузка документа…
КҮМҮШТАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Күмүштак айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышындагы депутаттардын VI сессиясынын
2024-жылдын 10-июну № 11
Бакай-Ата райондук өнүктүрүү фондусуна Кыргызстан айылындагы 5-шабадагы (Р-5) 3 километр 145 метр арыкты жана 1-Май айылындагы 9-шабадагы (Р-9) 1 километр 195 метр арыкты бетондоо боюнча долбоорлорду тандоо жөнүндө
“Күмүштак” муниципалдык ишканасынын Бакай-Ата райондук өнүктүрүү фондусуна сунуштала турган Кыргызстан айылындагы 5-шабадагы (Р-5) 3 километр 145 метр арыкты жана 1-Май айылындагы 9-шабадагы (Р-9) 1 километр 195 метр арыкты бетондоо иштери боюнча долбоорун угуп, карап чыгып, талкуулап Күмүштак айылдык Кеңешинин I чакырылышындагы депутаттарынын VI сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бакай-Ата райондук өнүктүрүү фондусуна Кыргызстан айылындагы 5-шабадагы (Р-5) 3 километр 145 метр арыкты жана 1-Май айылындагы 9-шабадагы (Р-9) 1 километр 195 метр арыкты бетондоо иштери боюнча долбоору жактырылып бекитилсин.
2. Аталган долбоор жумушчу топ тарабынан даярдалып, Бакай-Ата райондук өнүктүрүү фондусуна жөнөтүлсүн.
3. Долбоордун аткарылышын камсыздоо жагы “Күмүштак” муниципалдык ишканасынын жетекчиси А.Акматовага милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Күмүштак айыл өкмөтүнүн башчысы З.Надырбаевге жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин депутаттарынын бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына калтырылсын.
Төрага |
| Мамыралиев А. |