КҮМҮШТАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Күмүштак айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышындагы депутаттардын VI сессиясынын
2024-жылдын 10-июну № 12
Күмүштак айыл аймагынын Боо-Терек айылына суу топтоочу бассейнин (БСР) куруу боюнча долбоорлорду тандап, тиешелүү фонддорго жөнөтүү жөнүндө
“Күмүштак” муниципалдык ишканасынын тиешелүү фонддорго сунуштала турган Боо-Терек айылына суу топтоочу бассейнин(БСР) куруу боюнча долбоорун угуп, карап чыгып, талкуулап Күмүштак айылдык Кеңешинин I чакырылышындагы депутаттарынын VI сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күмүштак айыл аймагынын Боо-Терек айылына суу топтоочу бассейнин (БСР) куруу боюнча долбоору жактырылып бекитилсин.
2. Аталган долбоор жумушчу топ тарабынан даярдалып, Бакай-Ата райондук өнүктүрүү фондусуна жөнөтүлсүн.
3. Долбоордун аткарылышын камсыздоо жагы “Күмүштак” муниципалдык ишканасынын жетекчиси А.Акматовага милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Күмүштак айыл өкмөтүнүн башчысы З.Надырбаевге жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин депутаттарынын бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына калтырылсын.
Төрага |
| Мамыралиев А. |