КҮМҮШТАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Күмүштак айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышындагы депутаттардын VI сессиясынын
2024-жылдын 10-июну № 14
“Нур Телеком” ЖЧК О уюлдук компаниясынын антеннасын Кыргызстан айылына орнотуу жөнүндө
“Нур Телеком” ЖЧК компаниясынан 2024-жылдын 23-майындагы айыл өкмөт башчысына келген №07/1447 сандуу катты карап чыгып, талкуулап Күмүштак айылдык Кеңешинин I чакырылышындагы депутаттарынын VI сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Нур Телеком” ЖЧК компаниясынын орното турган антеннасы жергиликтүү калктын тургундарына зыяндуулугун алып келбегендиги тууралуу кагаз түрүндөгү кепилдиги эске алынсын.
2. Жергиликтүү калктын тургундарына зыяндуулугун алып келбегендиги жөнүндөгү тиешелүү кепилдик иш кагаздары алынгандан кийин “Нур Телеком” ЖЧК компаниясынын антеннасын орнотууга уруксат берилсин.
3. Кыргызстан айылындагы Сейитказы көчөсүндөгү мечиттин аймагына “Нур Телеком” ЖЧК О уюлдук компаниясынын антеннасын орнотуу үчүн айыл өкмөтүнүн кызыкчылыгын коргоп, кымбат баада келишим түзүлүп 25 квадрат метр жер тилкеси 2 жыл 11 айга пайдаланууга бөлүнүп берилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышынын камсыздоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин Жер, айыл чарбасы, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Мамыралиев А. |