Загрузка документа…
КҮМҮШТАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Күмүштак айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышындагы депутаттардын VI сессиясынын
2024-жылдын 10-июну № 15
“Нур Телеком” ЖЧК О! уюлдук компаниясынын антеннасын Боо-Терек айылына орнотуу жөнүндө
“Нур Телеком” ЖЧК компаниясынан 2024-жылдын 23-майындагы айыл өкмөт башчысына келген №07/1448 сандуу катты жана Боо-Терек айылынын Ж.Жумашев көчөсүндөгү жер тилкесинин ээси А.Осмоновдун өз каалоо, макулдугун эске алып, карап чыгып, талкуулап Күмүштак айылдык Кеңешинин I чакырылышындагы депутаттарынын VI сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Нур Телеком” ЖЧК компаниясынын орното турган антеннасы жергиликтүү калктын тургундарына зыяндуулугун алып келбегендиги тууралуу кагаз түрүндөгү кепилдиги эске алынсын.
2. Жергиликтүү калктын тургундарына зыяндуулугун алып келбегендиги жөнүндөгү тиешелүү кепилдик иш кагаздары алынгандан кийин “Нур Телеком” ЖЧК О! уюлдук компаниясынын антеннасын орнотууга уруксат берилсин.
3. Боо-Терек айылындагы Ж.Жумашев көчөсүнүн 6-02-02-1001-0751 кодировкасындагы Осмонов Абирдин үйү жайгашкан жер тилкесинин аймагына “Нур Телеком” ЖЧК О! уюлдук компаниясынын антеннасын орнотуу үчүн Осмонов Абир Эркинбекович менен келишим түзүлүп 25 квадрат метр жертилкеси уруксат берилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышынын камсыздоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин Жер, айыл чарбасы, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Мамыралиев А. |