Загрузка документа…
КҮМҮШТАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Күмүштак айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышындагы депутаттардын VII сессиясынын
2024-жылдын 27-июну № 1
2024-жылдын 24-июнунда Күмүштак айыл аймагында болуп өткөн жаратылыштын кырсыгынан жабыркаган жарандарга жардам көрсөтүүнү уюштуруу боюнча комиссия курамын түзүү жөнүндө
2024-жылдын 24-июнунда Күмүштак айыл аймагында болуп өткөн жаратылыштын кырсыгынан жабыркаган жарандарга жардам көрсөтүүнү уюштуруу боюнча комиссия курамын түзүү жөнүндөгү айыл өкмөт башчы З.М.Надырбаевдин сунушун угуп, карап чыгып, талкуулап Күмүштак айылдык Кеңешинин I чакырылышындагы депутаттарынын кезексиз VII сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күмүштак айыл аймагында 2024-жылдын 24-июнь күнү катталган катуу шамалдан жана мөндүр аралаш катуу жааган жамгырдан турак жайларга жана айыл чарба аянттарына зыян келтиргендигине байланыштуу, жабыр тарткан дыйкандарга Күмүштак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн атайын эсебине келип түшкөн акча каражатты жана демөөрчүлөрдөн келип түшкөн акча каражатты жарандарга даректүү жана ачык айкын жеткирилишин камсыз кылуу үчүн төмөндөгүдөй комиссия курамы түзүлсүн:
З.Тойчубекова – айылдык кеңештин депутаты, комиссиянын төрайымы.
Комиссиянын мүчөлөрү:
Ж.Качыбекова – айыл өкмөт башчысынын орун басары - жооптуу катчы;
А.Даниярова – айыл өкмөттүн социалдык коргоо жана социалдык маданий маселелери боюнча жетектөөчү адиси;
А.Жузупбекова – айыл өкмөтүнүн социалдык маселелери боюнча адиси;
Дж.Айтпаев – Кыргызстан айылынын айыл башчысы;
К.Бегалиева – 1-Май жана Жон-Коргон айылдарынын башчысы;
Б.Бейшебаева – айылдык кеңештин депутаты;
А.Макеев – айылдык кеңештин депутаты;
А.Осмонов – айылдык кеңештин депутаты;
Т.Кулукеев – айылдык кеңештин депутаты.
Ө.Мотуев – жарандык активист, мурап;
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Күмүштак айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Күмүштак айылдык Кеңештин депутаттарына жүктөлсүн.
Төрага |
| Мамыралиев А. |