Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 23-июлу № 138
Технологиялык парктар жөнүндө
(КР 2026-жылдын 28-июлундагы № 127 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Ушул Мыйзамдын жөнгө салуу предмети
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасында технологиялык парктарды (мындан ары - технопарк) түзүүгө, алардын иштөөсүнө жана ишин токтотууга байланыштуу келип чыгуучу коомдук мамилелерди жөнгө салат жана инновациялык өнүктүрүүнү камсыз кылуу максатында аларды мамлекеттик колдоонун укуктук негизин аныктайт.
2-берене. Технопарктарды түзүү жана алардын иштөөсү жаатындагы мамлекеттик саясаттын максаты
Технопарктарды түзүү жана алардын иштөөсү жаатындагы мамлекеттик саясаттын максаты болуп инновацияларды түзүү жана аларды коммерциялаштыруу боюнча биргелешкен иш, натыйжалуулукту жогорулатуу жана өндүрүштүн чыгымдарын азайтуу, илим камтылган өндүрүштү колдоо, жумуш орундарын түзүү, чакан жана орто инновациялык бизнестин келечектүү субъекттерин концентрациялоо үчүн университеттердин, илимий мекемелердин жана өндүрүш секторунун чыгармачылык күч-аракеттерин бириктирүү үчүн Кыргыз Республикасында технопарктарды түзүүнү жана алардын иштөөсүн камсыз кылуучу укуктук механизмдерди, экономикалык жана социалдык шарттарды жана кепилдиктерди белгилөө саналат.
3-берене. Технопарктарды түзүүнүн жана алардын иштөөсүнүн принциптери
1. Технопарктар ушул Мыйзамды колдонууга байланышкан маселелерди чечүүдө мыйзамдуулуктун, айкындуулуктун жана ачыктыктын негизинде түзүлөт жана иштейт.
Мамлекет технопарктарды мамлекеттик колдоого бирдей жеткиликтүүлүктү камсыз кылат жана технопарктарды максаттуу пайдалануу боюнча мамлекеттик колдоо чараларын жүзөгө ашырат.
2. Технопарктарды түзүү жана алардын иштөөсү жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашырууда мамлекет технопарктардын резиденттеринин жана дирекциясынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону жүзөгө ашырат.
4-берене. Негизги түшүнүктөр жана терминдер
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
1) технопарктын базалык уюму - өзүнүн курамында илимий-изилдөө институттары же илимий-изилдөө базасы бар жогорку билим берүү түзүмдөрү болгон, колдонуудагы мыйзамдарда каралган шарттарда жана тартипте технопарктын ишин уюштуруу үчүн зарыл инфратүзүм объекттерин, жабдууну жана башка ресурстарды берүүчү ар кандай уюштуруу-укуктук формасындагы юридикалык жак;
2) бизнес-ангел - стартаптардын жана инновациялык компаниялардын өнүгүүсүнүн алгачкы баскычтарында аларга өзүнүн өздүк каражаттарын инвестициялоону жүзөгө ашыруучу жана зарыл болгон учурда консультациялык же эксперттик колдоо көрсөтүүчү жеке жак;
3) венчурдук долбоор - Кыргыз Республикасынын аймагында иштөөчү венчурдук фонд, венчурдук компаниялар, фонддор, бизнес-ангелдер, жеке жана юридикалык жактар тарабынан каржылануучу инновациялык долбоор;
4) Технопарктардын мамлекеттик реестри - мамлекеттик колдоо чараларын алууга талапкер болгон, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген белгилүү бир талаптарга жооп берүүчү технопарктардын расмий тизмеги:
5) технопарктын дирекциясы - өзүнүн аймагына технопарктын резиденттерин тартууну жана жайгаштырууну жүзөгө ашыруучу, технопарктын резиденттерине кызмат көрсөтүүлөрдү камсыз кылуучу жана технопарктын инфратүзүмүн башкаруучу технопарктын башкаруу органы;
6) технопарктын инфратүзүмү - Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан жер участогу же жалпы чек арага ээ бир нече жер участоктору (мындан ары - технопарктын аймагы), технопарктын аймагында жайгашкан кеңсе имараттары, өндүрүштүк жайлар, инженердик, транспорттук жана социалдык инфратүзүм объекттери;
7) инновация - жарандык (чарбалык) жүгүртүүгө киргизилген инновациялык продукт;
8) инновациялык венчурдук фонд - технопарктардын натыйжалуу иштөөсүн уюштуруу, келечектүү инновациялык долбоорлордун трансферин каржылоо үчүн технопарктарда топтолуучу финансылык каражаттар;
9) инновациялык иш - инновациялык продуктуну түзүүгө жана жарандык (чарбалык) жүгүртүүгө киргизүүгө багытталган жаңылыкты инновацияга өзгөртүп түзүү боюнча иш;
10) инновациялык долбоор - мөөнөттөр жана аткаруучулар боюнча байланышкан иштердин комплексин, каржылоо булактарына жана көлөмүнө. өндүрүштү уюштуруу ыкмаларына, техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрүнө жана жарандык (чарбалык) жүгүртүүгө киргизүүдөн пайда же башка пайдалуу натыйжа алуу келечегин жана инновациялык иштин мүмкүн болуучу тобокелдиктерин эске алуу менен жасалган инновациялык продуктунун керектөө касиеттерине карата шарттарды жана талаптарды аныктоочу документтердин комплекти;
11) инновацияларды коммерциялаштыруу - пайда көрүү максатында инновациялык продуктуну/кызмат көрсөтүүнү рыноктук товарга трансформациялоо процесси;
12) Технопарктарды өнүктүрүү боюнча комиссия - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу комиссия, анын курамына теңдештик негизде мамлекеттик башкаруу органдарынын. академиялык коомдоштуктун өкүлдөрү, илимий-изилдөө институттарынын, жогорку окуу жайларынын, бизнестин жана эксперттик коомдоштуктун өкүлдөрү кирет;
13) Илимий-техникалык кеңеш - технопарктын ишин координациялоочу анын кеңеш берүүчү органы, технопарктын резиденттерин тартуу боюнча технопарктардын дирекцияларынын коллегиалдуу органы болуп саналат жана базалык уюмдардын. бизнес-коомдоштуктун өкүлдөрүнөн, инновациялык иш чөйрөсүндөгү адистерден турат;
14) технопарктын резиденти - технопарктын дирекциясы менен технопарктын инфратүзүмүн пайдалануу менен инновациялык долбоорду ишке ашырууну караган макулдашууну түзгөн жеке ишкер же юридикалык жак, анын ичинде чет өлкөлүк жак;
15) технологиялык парк (технопарк) - ушул Мыйзамда каралган тартипте түзүлгөн, өз ишинде илимий-изилдөө компонентине ээ жана инновациялык ишкердикти жүзөгө ашыруу, инновациялык жана венчурдук долбоорлорду жүзөгө ашыруу максаты бар, илимий билимдерди, иштелмелерди жана ойлоп табууларды, ноу-хау жана илим камтылган технологияларды коммерциялык өздөштүрүүгө жана аларды рынокто, анын ичинде илимий-техникалык продукциянын эл аралык рыногунда илгерилетүүгө багытталган мекеме же чарбалык коом формасындагы юридикалык жак;
16) индустриялык парк - өнөр жай продукциясынын өндүрүшүн өздөштүрүү жана алынган илимий-техникалык натыйжаларды коммерциялаштыруу максатында өнөр жай өндүрүшү жана технологиялык өнүгүү чөйрөсүндөгү иштин субъекттери тарабынан жүзөгө ашырылуусуна багытталган өнөр жайлык, технологиялык жана башка коштоочу инфратүзүмү бар аймак;
17) индустриялык парктын башкаруу компаниясы - мыйзамдарда каралган ар кандай уюштуруу-укуктук формадагы, индустриялык парктын башкаруу органы болуп саналган, өзүнүн аймагына индустриялык парктын резиденттерин тартууну жана жайгаштырууну жүзөгө ашыруучу, индустриялык парктын резиденттерине кызмат көрсөтүүлөрдү камсыз кылуучу жана индустриялык парктын инфратүзүмүн башкарууну жүзөгө ашыруучу юридикалык жак.
(КР 2026-жылдын 28-июлундагы № 127 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
5-берене. Технопарктар жөнүндө мыйзамдар
Технопарктардын укуктук абалы, аларды түзүүнүн, иштөөсүнүн жана ишин токтотуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизделет жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары, ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен жөнгө салынат.
6-берене. Консультациялык-методикалык жардам жана кийлигишүүгө тыюу салуу
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети технопарктарга мамлекеттик колдоо көрсөтүүчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) аныктайт, алардын ыйгарым укуктарына технопарктардын потенциалдуу резиденттерине, базалык уюмдарга консультациялык-методикалык жардам көрсөтүү кирет.
2. Технопарктардын ишин мамлекеттик колдоо ушул Мыйзамдын 16-беренесинде көрсөтүлгөн чараларды көрүү формасында болушу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка формаларда колдоо көрсөтүлүшү мүмкүн.
3. Ушул Мыйзамда каралган мамлекеттик колдоонун көрүлгөн чараларын пайдаланууну контролдоо учурларын кошпогондо, мамлекеттик бийлик органдарынын же кызмат адамдарынын технопарктардын ишине кийлигишүүсүнө жол берилбейт.
2-глава. Технопарктардын мамлекеттик реестри
7-берене. Технопарктардын мамлекеттик реестрине технопарктарды киргизүүнүн тартиби
1. Технопарктардын резиденттерине ушул Мыйзамдын 16-беренесинде белгиленген мамлекеттик колдоо чараларын көрүү максатында ыйгарым укуктуу орган Технопарктардын мамлекеттик реестрин (мындан ары - ТМР) түзөт жана жүргүзөт.
2. ТМРди түзүүнүн жана жүргүзүүнүн тартиби ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленет. ТМРге киргизилген маалыматтар жалпыга жеткиликтүү болууга тийиш.
3. ТМРди жүргүзүү ага Кыргыз Республикасынын аймагында түзүлгөн технопарктар жөнүндө маалыматтардын киргизилишин, маалыматтар өзгөргөндө, ошондой эле технопарктар статусун жоготкондо алардын жаңыланышын өзүнө камтыйт.
4. Технопарк Технопарктарды өнүктүрүү боюнча комиссиянын чечиминин негизинде ТМРге киргизилет.
8-берене. Технопарктарды ТМРге киргизүүнүн шарттары
Технопаркты ТМРге киргизүү төмөнкүдөй шарттар сакталганда жүзөгө ашырылат:
1) инновациялык продуктуну же кызмат көрсөтүүнү технопарктын аймагында иштеп чыгуу боюнча долбоордун болушу;
2) ТМРге кирген күндөн тартып үч жылдан кем эмес мөөнөткө технопаркты өнүктүрүү программасынын болушу жана анын экономикалык негиздүүлүгү;
3) төмөнкүдөй талаптарга ылайык келген чакан же орто ишкана болуп саналган технопарктын бирден кем эмес резидентинин болушу:
а) технопарктын аймагында ишкана/ишканалар тарабынан уюштурулган 5тен кем эмес жумуш орундарынын болушу;
б) ишкана/ишканалар тарабынан товардык продукция, жумуштар жана/же кызмат көрсөтүүлөр түрүндө ишке ашырылган илимий-техникалык иштелмелердин болушу;
4) технопарктын резиденттерине кызмат көрсөтүүлөр үчүн шарттардын болушу;
5) технопарктын венчурдук инновациялык фондунун болушу;
6) технопаркты өнүктүрүү келечегин эске алган зарыл инфратүзүмдүн болушу.
3-глава. Технопарктар
9-берене. Технопарктын базалык уюму
1. Технопарктын базалык уюму технопарктын уюштуруучусу болуп саналат, технопарктын ишин уюштуруу үчүн зарыл инфратүзүм объекттерин, жабдууну жана башка ресурстарды берет.
2. Технопарктын базалык уюму технопаркты түзүү, кайра уюштуруу жана жоюу жөнүндө чечимдерди кабыл алат жана технопарктын уставын бекитет.
10-берене. Технопарктын дирекциясы
1. Технопарктын ишин натыйжалуу камсыз кылуу максатында технопарктын базалык уюму технопаркты башкаруу органын - технопарктын дирекциясын түзөт.
2. Технопарктын дирекциясы технопарктын уставынын, ошондой эле технопарктын базалык уюму тарабынан бекитилүүчү ички документтин (жобо же башка документ) негизинде иштейт.
3. Технопарктын дирекциясы:
1) технопарктын ишине жалпы жетекчилик жүргүзөт;
2) Технопарктын илимий-техникалык кеңешинин сунушу боюнча технопарктын резиденттерин конкурстук тандоону уюштурат;
3) технопарктын резиденттери менен алардын ишинин шарттары жөнүндө келишим түзөт (узартат) жана келишимдин шарттарынын аткарылышын контролдойт;
4) технопаркты өнүктүрүү планын бекитет;
5) технопарктын инновациялык венчурдук фондун түзөт жана тескейт;
6) технопарктын резиденттеринин ишине аудит жана мониторинг жүргүзөт;
7) технопарктын резиденттеринин бирдиктүү реестрин жүргүзөт;
8) юридикалык жана жеке жактарга технопарктын резиденттери катары аларды баштапкы жана биротоло каттоо жөнүндө күбөлүктөрдү берет;
9) Технопарктын илимий-техникалык кеңешинин корутундусунун негизинде технопарктын резиденттерин белгиленген тартипте статусунан ажыратат;
10) технопарктын резиденттеринин кызыкчылыктарын коргоого көмөк көрсөтөт жана мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана башка уюмдар менен болгон мамилелерде алардын кызыкчылыктарын коргойт.
4. Технопарктын резиденттери катары баштапкы жана биротоло каттоо жөнүндө күбөлүктүн үлгүлөрү жана формалары ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилет.
11-берене. Технопарктын илимий-техникалык кеңеши
1. Илимий-техникалык кеңеш (мындан ары - ИТК) технопарктын ишинин маселелери боюнча координациялоочу жана кеңеш берүүчү функцияларды аткаруучу технопарк органы болуп саналат.
2. Технопарктын ИТКсы технопарктын базалык уюмунун жетектөөчү кызматкерлеринен, бизнес-коомдоштуктан жана инновациялык иш жаатындагы эксперттерден турат.
3. Технопарктын ИТКсы технопарктын резиденттерин тандоодо жана каттоодо, ошондой эле технопарктын резидентинин статусунан ажыратууда тиешелүү корутунду берет.
12-берене. Технопарктын башкаруу органдарынын ишин каржылоо
1. Технопарктын башкаруу органдарынын ишин каржылоо төмөнкүлөрдүн эсебинен жүзөгө ашырылат:
1) технопарктын базалык уюмунун өздүк каражаттарынын;
2) технопарктын кирешелеринин жана түшкөн каражаттарынын;
3) технопарктын базалык уюмунун каражаттарынын эсебинен түзүлүүчү технопарктын венчурдук инновациялык фондунун каражаттарынын, тартылган инвестициялардын жана технопарктын резиденттери тарабынан технопарктын дирекциясы аныктаган өлчөмдөгү ар кварталдык чегерүүлөрдүн.
2. Инновациялык фонд жөнүндө жобо технопарктын дирекциясынын жана анын ИТКсынын сунушу боюнча технопарктын базалык мекемесинин жетекчилиги тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет.
13-берене. ТМРге киргизилген технопарктардын ишинин натыйжалуулугуна баа берүү
1. ТМРге киргизилген технопарктардын ишинин натыйжалуулугуна баа берүү ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
2. ТМРге киргизилген технопарктардын ишинин натыйжалуулугуна баа берүү төмөнкүдөй критерийлерге ылайык жүзөгө ашырылат:
1) технопарктын аймагында технологияларды киргизүү борборунун, бизнес-инкубатордун, окуу же илимий борбордун, тейлөө кызмат көрсөтүүлөрүнүн борборунун болушу;
2) венчурдук инновациялык фонддун болушу;
3) технопарктын аны өнүктүрүү үчүн жетиштүү инфратүзүмүнүн болушу;
4) технопарктын кызмат көрсөтүүлөрүнүн номенклатурасынын, анын өнүгүү динамикасынын болушу;
5) чакан жана орто ишканалар, анын ичинде инновациялык бизнес-инкубатордун колдоосун алган ишканалар, ошондой эле мындай бизнес-инкубатордун курамында иштөөчү жаңы түзүлгөн илим камтылган ишканалар болуп саналган технопарктын резиденттеринин зарыл саны;
6) технопарктын аймагында анын резиденттери тарабынан уюштурулган жумуш орундарынын зарыл саны;
7) технопарктын резиденттеринин инновациялык долбоорлорун ишке ашыруу үчүн тартылган инвестициялардын тиешелүү көлөмү;
8) технопарктын резиденттери тарабынан жүктөп жөнөтүлгөн жеке өндүрүштөгү товарлардын, алар аткарган жумуштардын жана көрсөткөн кызматтардын, анын ичинде иштелип чыккан инновациялардын тиешелүү көлөмү;
9) технопарктын резиденттери тарабынан товардык продукция, жумуштар жана/же кызмат көрсөтүүлөр түрүндө ишке ашырылган илимий-техникалык иштелмелердин зарыл саны;
10) технопарктын резиденттери тарабынан иштелип чыккан жана сериялык (тажрыйбалык) өндүрүшкө кабыл алынган өнөр жай үлгүлөрүнүн зарыл саны.
3. ТМРге киргизилген технопарктардын ишинин натыйжалуулугуна баа берүү үчүн технопарктардын дирекциялары ар жыл сайын өзүнүн ишинин натыйжалары жөнүндө отчетторду ыйгарым укуктуу органга берет. Отчетко анда көрсөтүлгөн маалыматтарды тастыктоочу документтер тиркелет. Технопарктын ишинин натыйжалары жөнүндө отчеттун формасы, ошондой эле анда көрсөтүлгөн маалыматтарды тастыктоочу документтердин тизмеги ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленет.
4. Ыйгарым укуктуу орган ТМРге киргизилген технопарктардын ишинин натыйжалуулугуна баа берүү тууралуу отчетторун ар жыл сайын Технопарктарды өнүктүрүү боюнча комиссияга берет.
14-берене. Технопаркты ТМРден чыгаруунун шарттары
1. Технопарк ТМРден төмөнкүдөй негиздердин бири болгондо чыгарылат:
1) технопарк статусунун берилген мөөнөтү аяктаганда, бул мөөнөт узартылбаганда;
2) технопарк тарабынан белгиленген иштин шарттары аткарылбаганда;
3) республикалык бюджеттин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджетинин каражаттарынан каржылоо алынган учурда бюджеттик каражаттар максатсыз чыгымдалганда;
4) технопаркка карата ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан банкрот жол-жобосу демилгеленгенде;
5) ушул Мыйзамдын 8-беренесинин 1-6-пункттарында аныкталган шарттар сакталбаганда.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган негиздердин кайсынысы болбосун келип чыкканда, ыйгарым укуктуу орган технопаркты ТМРден чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алат.
Эгерде технопарк жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын максаттуу программасынын алкагында түзүлсө, ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн негиздер болгондо, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ыйгарым укуктуу органы технопаркты ТМРден чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алат жана бул жөнүндө ыйгарым укуктуу органга маалымдайт.
3. ТМРден чыгаруу технопаркты жана анын бардык резиденттерин мамлекеттик колдоонун бардык чараларын автоматтык түрдө токтотууга, анын ичинде жеңилдетилген салык салуу режимдерин жана бажы мыйзамдары жаатындагы преференцияларды токтотууга алып келет.
4-глава. Технопарктардын резиденттери
15-берене. Технопарктардын резиденттери
1. Технопарктын резиденти катары кирешеси 50 пайыздан кем эмес инновациялык долбоорлорду жүзөгө ашыруунун натыйжасында алынган кирешелерден турган юридикалык же жеке жак каттала алат.
Чет элдик юридикалык же жеке жактар технопарктын резиденти катары да каттала алышат. Технопарктын резиденти катары катталуу үчүн юридикалык же жеке жак технопарктын дирекциясы тарабынан белгиленген формада арыз берет.
2. Өзүнүн уставына (бар болсо) ылайык ишинин негизги түрү катары инновациялык мүнөздөгү иштин бир же бир нече түрү бар, технопарктын ИТКсынын тиешелүү корутундусун алган юридикалык же жеке жак технопарктын резиденти катары 12 календардык айлык мөөнөткө баштапкы катталуудан өтүүгө тийиш. Баштапкы каттоо технопарктын дирекциясы тарабынан берилүүчү күбөлүк менен ырасталат. Технопарктын дирекциясы резидент менен кызматташуу жана өз ара милдеттенмелер жөнүндө келишим түзөт.
3. Баштапкы катталган датадан тартып 12 календардык ай өткөндөн кийин технопарктын резиденти технопарктын ИТКсы тарабынан бекитилген форма боюнча отчет берет. Бул отчет технопарктын ИТКсынын жыйналышында каралат. Технопарктын ИТКсы технопарктын резиденти тарабынан жүзөгө ашырылуучу иштин түрлөрүнүн алгачкы каттоо мөөнөтүндөгү шайкештигин, технопарктын резидентинин кызматташуу жөнүндө келишимдин талаптарын жана өз ара милдеттенмелерин аткаруусун, анын натыйжалуу инновациялык ишинин ырастоолору бар экендигин белгилегенде, технопарктын резиденти тиешелүү күбөлүк берүү менен 5 жылдан ашпаган мөөнөткө (узартуу мүмкүнчүлүгү менен) биротоло каттоодон өтүүгө тийиш.
4. ТМРге киргизилген технопарктардын резиденттери үчүн салыктык жана бажылык преференциялар баштапкы каттоодон өткөн учурунан тартып колдонулат.
5. Технопарктын резиденти тарабынан инновациялык иштен айырмаланган иштин түрлөрүн жүзөгө ашыруу фактылары аныкталган учурда, эгерде бул ушул берененин 1-бөлүгүндө аныкталган шарттарды бузууга алып келсе, технопарктын резидентин баштапкы каттоо жокко чыгарылат жана бул юридикалык же жеке жакка жаппы негиздерде, анын ичинде баштапкы каттоо мезгили үчүн да салык салынууга тийиш.
6. Технопарктардын резиденттеринин кызматкерлеринин эмгек мамилелерин укуктук жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте күчүнө кирген Эл аралык эмгек уюмунун конвенциялары (эл аралык келишимдер) менен аныкталат.
Технопарктын резиденти менен технопарктын укуктук мамилелеринин негиздери алардын ортосунда түзүлгөн кызматташуу жана өз ара милдеттенмелер жөнүндө келишимде аныкталат.
7. Технопаркка технопарктын резидентинин бардык укуктары жайылтылат.
16-берене. Технопарктарга жана технопарктардын резиденттерине көрсөтүлүүчү мамлекеттик колдоо чаралары
Ушул Мыйзам менен технопарктарга жана технопарктардын резиденттерине көрсөтүлүүчү мамлекеттик колдоонун төмөнкүдөй чаралары белгиленет:
1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда республикалык жана/же жергиликтүү бюджеттерден субсидияларды берүү;
2) мамлекеттик жана муниципалдык мүлктү ижарага берүү;
3) мамлекеттик же муниципалдык мүлктү пайдалангандыгы үчүн ижара акысынын өлчөмүн аныктоонун, ошондой эле бул төлөмдү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте киргизүүнүн өзгөчөлүктөрүн белгилөө;
4) өзгөчө укуктары Кыргыз Республикасына таандык болгон интеллектуалдык менчик объекттерин пайдаланууга укуктарды берүү, ошондой эле укук ээсинин макулдугу менен мындай объекттерге укуктарды берүү;
5) технопарктардын резиденттери болуп саналган ачык акционердик коомдордун уставдык капиталына салым катары республикалык же муниципалдык мүлктү, анын ичинде республикалык же муниципалдык бюджеттин каражаттарын киргизүү;
6) Кыргыз Республикасынын салык жана бажы мыйзамдарында каралган салык салууда жана башка төлөмдөрдү төлөөдө преференцияларды белгилөө;
7) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын маалыматтык системаларына киргизилген документтерде камтылган технопарктарды өнүктүрүүгө байланышкан маселелер боюнча маалыматтарды берүү;
8) технопарктарды өнүктүрүү үчүн зарыл болгон тышкы экономикалык байланыштарды түзүүгө көмөк көрсөтүү;
9) технопарктардын иш чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү.
17-берене. Технопарктарга мамлекеттик колдоо чараларын көрсөтүү шарттары
Ушул Мыйзамда белгиленген мамлекеттик колдоо чаралары ТМРге киргизген технопарктарга алар тарабынан ушул Мыйзамда, Кыргыз Республикасынын финансылык-бюджеттик чөйрөнү жөнгө салуучу мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларында каралган шарттары сакталганда көрсөтүлөт.
18-берене. Мамлекеттик колдоо чараларын көрсөтүү үчүн технопарктардын резиденттерин тандоо
1. Ушул Мыйзамда көрсөтүлгөн мамлекеттик колдоо чаралары технопарктардын резиденттерине тандоонун натыйжалары боюнча гана көрсөтүлүшү мүмкүн. Мындай тандоонун критерийлери ушул Мыйзамдын 7 жана 8-беренелеринде белгиленген талаптарды эске алуу менен иштелип чыгат.
2. Ушул Мыйзамда аныкталган мамлекеттик колдоо чараларын көрсөтүү үчүн технопарктардын резиденттерин тандоонун критерийлери жана тартиби ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленет жана тиешелүү технопарктардын дирекциялары тарабынан ишке ашырылат. Мамлекеттик колдоо чаралары ТМРге киргизилген технопарктардын резиденттерине гана көрсөтүлүшү мүмкүн.
19-берене. Технопарктардын резиденттерине мамлекеттик кепилдиктерди берүүнүн тартиби
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кепилдиктери тандоодон өткөн технопарктардын резиденттерине Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарында, мамлекеттик жана муниципалдык мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Мыйзамда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынууну ченемдик укуктук актыларда каралган тартипте берилиши мүмкүн.
20-берене. Мамлекеттик жана муниципалдык мүлктү технопарктардын резиденттерине ижарага берүүнүн тартиби
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык мүлкүн технопарктардын резиденттерине ижарага берүү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу органы, муниципалдык органдар тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте, ошондой эле технопарктардын базалык уюмдары тарабынан бул мүлктүн резиденттер менен түзүлгөн ижарага берүү келишимдеринин негизинде жүзөгө ашырылат.
2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык мүлкүн, базалык уюмдардын мүлкүн ижарага берүү жөнүндө технопарктардын резиденттери менен түзүлүүчү келишимдерде камтылган ижара төлөөнүн шарттары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ижара акысынын өлчөмүн аныктоонун жана аны төлөөнүн өзгөчөлүктөрүн белгилөө жолу менен мамлекеттик колдоо чараларын көрсөтүү жөнүндө чечимдерге ылайык аныкталат. Ижара акысынын өлчөмүн аныктоодо төмөндөтүү коэффициенттери менен катар, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка коэффициенттер да колдонулат.
21-берене. Технопарктардын резиденттерине интеллектуалдык менчик объекттерин пайдаланууга укуктарды берүү тартиби
Интеллектуалдык менчик объекттерин пайдаланууга укуктар технопарктардын резиденттерине жарандык мыйзамдарга ылайык түзүлгөн келишимдин негизинде берилиши мүмкүн.
22-берене. Технопарктардын резиденттери үчүн салык жана бажы режимдери
ТМРге киргизилген технопарктардын резиденттери үчүн Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары менен аныкталган өзгөчө салык режими колдонулат. ТМРге киргизилген технопарктардын резиденттеринин ишин камсыз кылуу максатында ташып келинген жабдуулар үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде (актыларда) жана Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарында белгиленген тартипте бажы преференциялары колдонулат. Технопарктардын дирекцияларынын кызматкерлери жана технопарктардын резиденттери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик социалдык камсыздандырылууга тийиш.
23-берене. Технопарктардын резиденттерине Кыргыз Республикасында технопарктарды өнүктүрүүгө байланышкан маселелер боюнча маалымат берүүнүн тартиби
1. Кыргыз Республикасында технопарктарды өнүктүрүүгө байланышкан маселелер боюнча маалымат технопарктардын резиденттерине алардын мындай маалымат берүү жөнүндө арыздарынын негизинде берилет.
2. Кыргыз Республикасында технопарктарды өнүктүрүүгө байланышкан маселелер боюнча маалымат берүү жөнүндө арыздар технопарктардын резиденттери тарабынан ыйгарым укуктуу органга берилет.
3. Кыргыз Республикасында технопарктарды өнүктүрүүгө байланышкан маселелер боюнча маалымат берүү жөнүндө арыздарда башка маалыматтар менен катар төмөнкүлөр камтылууга тийиш:
1) технопарктын резиденти сураган маалыматтардын тизмеги;
2) технопарктын аймагында мыйзамдуу иш жүргүзүү үчүн маалыматты пайдалануу зарылдыгынын негиздемеси.
4. Кыргыз Республикасында технопарктарды өнүктүрүүгө байланышкан маселелер боюнча маалымат берүү жөнүндө арыздар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.
24-берене. Технопарктын резиденттерине тышкы экономикалык байланыштарды түзүүгө көмөк көрсөтүүнүн формалары жана тартиби
Тышкы экономикалык байланыштарды түзүүгө көмөктөшүү технопарктардын резиденттерине эл аралык жана тышкы экономикалык байланыштар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген формаларда жана тартипте көрсөтүлөт.
25-берене. Технопарктардын резиденттерине мамлекеттик колдоо чараларын көрсөтүүчү ыйгарым укуктуу орган тарабынан контролду жүзөгө ашыруу
1. Технопарктардын резиденттерине ушул Мыйзамда белгиленген мамлекеттик колдоо чараларынын көрсөтүлүшүн контролдоо ыйгарым укуктуу орган тарабынан анын компетенциясынын чегинде белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
2. Ыйгарым укуктуу орган:
1) технопарктардын резиденттеринин реестрин жүргүзөт;
2) технопарктардын дирекцияларынын мамлекеттик колдоо чараларынын ишке ашыруу боюнча отчетторун кабыл алат;
3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте технопарктардын ишине пландуу жана пландан тышкары текшерүүлөрдү жүргүзөт.
Ушул Мыйзамда белгиленген мамлекеттик колдоонун айрым чаралары көрсөтүлгөн технопарктардын резиденттеринин реестринде башка маалыматтар менен катар, технопарктардын дирекциясы, технопарктардын базалык уюмдары жана резиденттери жөнүндө маалыматтар камтылат.
Технопарктардын резиденттеринин реестрин түзүүнүн жана жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
Ушул Мыйзамда белгиленген мамлекеттик колдоонун айрым чаралары көрсөтүлгөн технопарктардын резиденттеринин реестринде каралган маалыматтар таанышуу үчүн тиешелүү ыйгарым укуктуу органдын расмий веб-сайтында жеткиликтүү болууга тийиш.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө ар жылдык отчетун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизгенден кийин 15 календардык күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине технопарктардын резиденттерине ушул Мыйзамда белгиленген мамлекеттик колдоо чараларынын көрсөтүлгөндүгү жөнүндө маалымат жиберет.
26-берене. Технопарктын резиденти статусунан ажыратуу
1. Технопарктын резиденти технопарктын резидентинин статусунан ушул Мыйзамдын 15-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган талаптарды бузуу же технопарк менен түзүлгөн келишимдин башка шарттарын бузуу фактылары аныкталганда ажыратылышы мүмкүн.
Технопарктын резидентин каттоо технопарктын дирекциясы тарабынан технопарктын ИТКсынын сунушу боюнча, салык жана бажы органдарына. башка кызыкдар түзүмдөргө кабарлоо менен жокко чыгарылышы мүмкүн.
2. Технопарктын резиденти статусунан ажыратуу жөнүндө чечим жана технопарктын резидентинин баштапкы каттоосун жокко чыгаруу жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык даттанылышы мүмкүн.
3. Технопарктын резиденти статусунан ажыратуу технопарктын резидентинин арызынын негизинде да жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
5-глава. Индустриялык парктар
27-берене. Индустриялык парктар
1. Индустриялык парктар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бөлүнгөн аймактарда түзүлөт.
2. Индустриялык парктын башкаруу компаниясына карата жана индустриялык парктын курамына кирген өнөр жай өндүрүшү жана технологиялык өнүгүү чөйрөсүндөгү иштин субъекттерине карата талаптар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
28-берене. Индустриялык парктын башкаруу компаниясы
Индустриялык парктын башкаруу компаниясы индустриялык парктын инфратүзүмүн, жабдуусун жана индустриялык парктын ишин уюштуруу үчүн зарыл башка ресурстарды берет. Индустриялык парктын башкаруу компаниясынын укуктары жана милдеттери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
6-глава. Корутунду жоболор
29-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он эки айдын ичинде өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 26-июлундагы № 56 (3610) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |