Загрузка документа…
КҮМҮШТАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Күмүштак айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышындагы депутаттардын VII сессиясынын
2024-жылдын 27-июну № 4
Күмүштак айыл аймагында 2024-жылдын 24-июнунда болуп өткөн жаратылыштын кырсыгынан жабыркаган жарандарга жардам көрсөтүү үчүн кошумча смета ачуу жөнүндө
Күмүштак айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 24-июнундагы жаратылыштын кырсыгы болуп кеткендигине байланыштуу Күмүштак айыл өкмөтүнүн бюджетине Турак-жай жана атайын каражат (спец.счет) бөлүмүнө 14411100 эсептик счётуна Бакай-Ата райондук өнүктүрүү фондусунан жардам катары 500000 (беш жүз миң) сом акча каражаты келип түшкөндүгүн карап чыгып, талкуулап Күмүштак айылдык Кеңешинин I чакырылышындагы депутаттарынын кезексиз VII сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Турак-жай жана атайын каражат (спец.счет) бөлүмүнүн 2721 беренесине 14411100 эсептик счётуна Бакай-Ата райондук өнүктүрүү фондусунан жардам катары 500000 (беш жүз миң) сом акча каражаты 2024-жылдын 24-июнунда болуп өткөн жаратылыштын кырсыгынан жабыркаган жарандарга Күмүштак айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышындагы депутаттардын VII кезексиз сессиясынын №1 токтомунда көрсөтүлүп бекилген комиссиянын чечиминин негизинде бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Күмүштак айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин депутаттарынын “Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Мамыралиев А. |