КҮМҮШТАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Күмүштак айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышындагы депутаттардын VII сессиясынын
2024-жылдын 27-июну № 5
Күмүштак айыл аймагынын 2025-2026-2027-жылдарга карата жергиликтүү
бюджетинин болжолдуу долбоорун кароо жөнүндө
Күмүштак айыл аймагынын 2025-2026-2027-жылдарга карата жергиликтүү бюджетинин болжолдуу долбоорун угуп, карап чыгып, талкуулап Күмүштак айылдык Кеңешинин I чакырылышындагы депутаттарынын кезексиз VII сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күмүштак айыл аймагынын 2025-2026-2027- жылдарга карата жергиликтүү бюджетинин болжолдуу долбоору жактырылсын.
2. Долбоордогу 2025-жылга карата киреше бөлүгү 29811,3 миң сом деп белгиленсин.
3. Долбоордогу 2026-жылга карата киреше бөлүгү 30475,8 миң сом деп белгиленсин.
4. Долбоордогу 2027-жылга карата киреше бөлүгү 31173,0 миң сом деп белгиленсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Күмүштак айыл өкмөтүнүн башчысы З.Надырбаевге жүктөлсүн.
Төрага |
| Мамыралиев А. |