Загрузка документа…
КҮМҮШТАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Күмүштак айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышындагы депутаттардын VII сессиясынын
2024-жылдын 27-июну № 6
Боо-Терек айылындагы Күмүштак жамаатынын мечитине Б.Сатыбеков атындагы орто мектептин жылытуу системасы жаңылангандан кийин чыккан эски чоюн (чугун) көп кабыргалуу батареялардан 70 даана кабыргасын берүү жөнүндө
Боо-Терек айылындагы Күмүштак жамаатынын мечитинин жылуулук системасын оңдоо үчүн Б.Сатыбеков атындагы орто мектептин жылытуу системасы жаңылангандан кийин чыккан эски чоюн (чугун) көп кабыргалуу батареялардан 70 даана кабыргасын берүү жөнүндөгү Күмүштак айылдык кеңешинин депутаты М.Эсенамановдун сунушун угуп, карап чыгып, талкуулап Күмүштак айылдык Кеңешинин I чакырылышындагы депутаттарынын кезексиз VII сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Б.Сатыбеков атындагы орто мектептин жылытуу системасы жаңылангандан кийин чыккан эски чоюн (чугун) көп кабыргалуу батареялардан 70 даана кабыргасы Боо-Терек айылындагы Күмүштак жамаатынын мечитинежылуулук системасын оңдоо үчүн берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Күмүштак айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин депутаттарынын “Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Мамыралиев А. |