Загрузка документа…
КҮМҮШТАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Күмүштак айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышындагы депутаттардын VII сессиясынын
2024-жылдын 27-июну № 7
Боо-Терек айылындагы 237, 238-контурлардагы жер аянттарын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алуу жөнүндө
Боо-Терек айылындагы 237-контурдагы 60 сотых жер аянтын жана 238-контурдагы 2 гектар 30 сотыхжер аянтын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алуу жөнүндөгү маселени угуп, карап чыгып, талкуулап Күмүштак айылдык Кеңешинин I чакырылышындагы депутаттарынын кезексиз VII сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн башчысы З.Надырбаевдин, Боо-Терек айылындагы 237-контурдагы 60 сотых жер аянтын, 238-контурдагы 2 гектар 30 сотыхжер аянтын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алуу үчүн, Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрлигине караштуу жер ресурстары кызматынын алдындагы «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Бакай-Ата району боюнча филиалына кайрылып мамлекеттик АКТысын жасатып бүтүрсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Бакай-Ата райондук шаар куруу жана архитектура бөлүмүнөн тиешелүү уруксат иш кагаздары алынсын.
3. Айыл өкмөтүнүн каржы экономикалык бөлүмүнүн башчысы, айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен Жер ресурстары кызматынын алдындагы «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Бакай-Ата району боюнча филиалына жана Бакай-Ата райондук шаар куруу жана архитектура бөлүмүнө акча каражатын которуу жагын камсыздасын.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жана тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана жер маселелери боюнча адисине милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин депутаттарынын “Жер, айыл чарбасы, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Мамыралиев А. |