Загрузка документа…
КҮМҮШТАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Күмүштак айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышындагы депутаттардын VII сессиясынын
2024-жылдын 27-июну № 8
Күмүштак айыл аймагынын жашоочуларынын үйүнөн чыккан катуу түрдөгү курулуш материал таштандыларды белгиленген жерге төктүрүү жөнүндө
Күмүштак айыл аймагынынжашоочуларынын үйүнөн чыккан катуу түрдөгү курулуш материал таштандыларды белгиленген жерге төктүрүү жөнүндөгү маселени угуп, карап чыгып жана талкуулап, Күмүштак айылдык Кеңешинин I чакырылышындагы депутаттардын кезексиз VII сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күмүштак айыл аймагыныноор жүк ташуучу автоунааларынын айдоочулары, жеңил автоунааларынын айдоочулары жана жарандары, Күмүштак айыл аймагынын жашоочуларынын үйүнөн чыккан катуу түрдөгү курулуш материал таштандыларды айыл өкмөтүнүн тазалык боюнча кызматкери Сманалиев Эмил Сейтбековичтин уруксаты менен белгилеп көрсөткөн жерге төгүшсүн.
2. Бул токтомдун биринчи пунктун аткарбаган Күмүштак айыл аймагыныноор жүк ташуучу автоунааларынын айдоочуларына, жеңил автоунааларынын айдоочуларына жана жарандарына ошондой эле коңшу айылдардын жарандарына, Күмүштакайыл өкмөтүнүн администрациясы тарабынан комиссия түзүлүп, Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө Кодексинин “Белгиленбеген жерлерге таштандыларды таштоо, өрттөө жөнүндөгү” 115-беренесинин 1, 2, 3-пункттарынын негизинде, айып пулдарды салышсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Күмүштак айыл өкмөтүнүн башчысына жана айыл өкмөтүнүн жер, жайыт, суугат суу жана айыл чарба маселелери боюнча башкы адисине жана ошондой эле айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча адисине милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин депутаттарынын “Жер, айыл чарбасы, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Мамыралиев А. |