Загрузка документа…
КҮМҮШТАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Күмүштак айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышындагы депутаттардын VII сессиясынын
2024-жылдын 27-июну № 9
Жон-Коргон айылынын тургуну Абдыкеримова Гүлмайрамга Азия чемпионатына барууга акча каражат бөлүп берүү жөнүндө
“Мээрим Жуманазарова” атындагы кыздардын эркин күрөш спорт өнүктүрүү коомдук фондунун директору Д.Жанызаковдон айыл өкмөт башчысына келген 2024-жылдын 4-июнундагы №114 чыгыш сандуу катын угуп, карап чыгып, талкуулап Күмүштак айылдык Кеңешинин I чакырылышындагы депутаттарынын кезексиз VII сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жон-Коргон айылынын тургуну Абдыкеримова Гүлмайрамдын ата-энесине Абдыкеримова Гүлмайрамдын Азия чемпионатына баруусуна 50 000 (элүү миң) сом акча каражаты мурунку Оро айыл өкмөтүнүн 2024-жылга каралган бюджетинен бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Күмүштак айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин депутаттарынын “Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Мамыралиев А. |