АТАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИ
ТОКТОМ
Атай айыл өкмөтүнүн Айыл Кенешинин V чакырылышынын кезектеги V сессиясы
2022-жылдын 18-январы № 5
Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн элдик жыйынынын протоколун бекитип берүү жана Д.Залимтөрөев көчөсүнө 1 км 500 метр тротуар жасоо үчүн “Тогуз-Торо райондук өнүктүрүү фондусу” мекемесине долбоор даярдап сунуштоо жөнүндө
Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жаныбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап , Атай айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн элдик жыйынынын 17.01.2022 жылдагы № 4/1 протоколу бекитилсин.
2. Атай айылындагы Д.Залимтөрөев көчөсүнө 1 километр 500 метр тротуар жасоо үчүн “Тогуз-Торо районунун өнүктүрүү фондусу” мекемесине долбоорду даярдап сунуштоо жагы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жаныбаевге тапшырылсын.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Атай айыл өкмөтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестерине киргизүү жагы Атай айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кенештин төрагасы Н.Жээнбаевге милдеттендирилсин.
Атай айылдык кенешинин төрагасы: |
Н.Т. Жээнбаев |