Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 23-июлу № 137
2024-жылдын 16-апрелинде Вашингтон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы "Туруктуу агроазык-түлүк кластерлерин өнүктүрүү" долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну жана Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы "Туруктуу агроазык-түлүк кластерлерин өнүктүрүү" долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2024-жылдын 16-апрелинде Вашингтон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы "Туруктуу агроазык-түлүк кластерлерин өнүктүрүү" долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашуу жана Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы "Туруктуу агроазык-түлүк кластерлерин өнүктүрүү" долбоору боюнча гранттык макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жогоруда көрсөтүлгөн макулдашуулардын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына (Дүйнөлүк банк) кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 26-июлундагы № 56 (3610) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |