Сравнение редакций…
| Тиркеме № 1 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин 2024-жылдын 29-майындагы № 157 буйругу менен бекитилген
|
“Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары”
“Жерге орноштуруу иштерин тариздөө жана жер участогуна укугун күбөлөндүрүүчү документтерди берүү”
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 токтому менен бекитилген Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүмдөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмесинин) 4-главасынын, 81-пункту
93. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Жерге орноштуруу иштерин тариздөө жана жер участогуна укугун күбөлөндүрүүчү документтерди берүү - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин 4-главасы, 81-пункту |
2 | Кызмат көрсөтүүнү мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Аткаруу бийлигинин кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча функцияларды камсыз кылуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы (мындан ары - каттоо органы) жана анын ведомстволук бөлүмдөрү, анын ичинде аймактык органдары (мындан ары - жергиликтүү каттоо органы) |
3 | Кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр | Жер участогуна укугу бар жеке жана юридикалык жактар |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | Кыргыз Республикасынын Конституциясы; Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси; Кыргыз Республикасынын Жер кодекси; "Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 8-декабрындагы № 311 токтому менен бекитилген Жер участогуна укуктарды күбөлөндүрүүчү документтерди тариздөөнүн жана берүүнүн тартиби жөнүндө тиркелген жобо; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы № 49 токтому менен бекитилген Кыймылсыз мүлккө укуктарды, укуктарга чектөөлөрдү жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо эрежелери; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 7-октябрындагы № 525 токтому менен бекитилген Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталын пайдалануу эрежелери; Мамлекеттик кызматты көрсөтүүгө байланыштуу келип чыккан мамилелерди жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Жер участогуна укукту күбөлөндүрүүчү төмөндө саналып өткөн документтердин бири берилет: 1. Жер участогуна жеке менчик укугу тууралуу мамлекеттик акт - жер тилкеси жеке менчик болгон учурда. 2. Жер участогун мөөнөтсүз пайдалануу укугу тууралуу мамлекеттик акт - жер участогун мөөнөтсүз пайдаланган учурда. 3. Жер участогун убактылуу пайдаланууга укугуна күбөлүк - жер участогун убактылуу пайдаланган учурда. 4. Жер участогуна жеке менчик укугу тууралуу күбөлүк - жер үлүшү берилген учурда |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Кызмат төмөнкүдөй шарттарда көрсөтүлөт: - белгиленген санитардык-эпидемиологиялык ченемдерге, ошондой эле өрткө каршы коопсуздук талаптарына жооп берген жайда; - бардык керектөөчүлөргө санитардык-гигиеналык жайлар (дааратканалар, жуунуучу бөлмөлөр) тоскоолдуксуз жеткиликтүү болгондо, алар ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар (мындан ары - ДМЧА) үчүн да пандустар жана кармоочтор менен жабдылган; - келген арыздарга ылайык кезектүүлүк принциби боюнча. Кезек түзүү жолу: электрондук же жандуу кезекке туруу. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңдештирилген адамдар, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет, эгерде алардын өз алдынча бөлмөгө чыгууга мүмкүнчүлүгү болбосо, кызматкер аларга арыздарды же башка документтерди кабыл алуу үчүн түшөт. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктары бар адамдар (угуу жана көрүү, таяныч-кыймыл системасы боюнча ДМЧА, улгайган пенсионерлер, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) үчүн сүйлөшүү жана кызмат көрсөтүү аларга үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт. Бөлмөдө күтүү үчүн орундар, жылытуу, телефон байланышы жана Интернет тармагы бар. Жарандардын жеңилдик берилген категорияларынын тизмеси маалымат стенддеринде, расмий сайтта жайгаштырылат жана өз убагында жаңыланып турат. Керектөөчүлөрдүн ыңгайлуулугу үчүн кызмат көрсөтүлүүчү жерде кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги, арыздардын үлгүлөрү жана толтуруу тартиби жөнүндө маалыматтар (үлгүлөр) жайгаштырылат |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | 1. Документтерди кабыл алуу убактысы - 30 мүнөттүн ичинде. 2. Кызмат көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү - 3 жумуш күндүн ичинде. 3. Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын берүү убактысы - 30 мүнөттүн ичинде. Ири жана татаал объекттердин жер участогуна укукту күбөлөндүрүүчү документти тариздөө мөөнөтү келишимдин негизинде аныкталат |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөргө маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө (керектүү маалыматтын тизмеси) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат жөнүндө маалыматты төмөнкү жерлерде алууга болот: - каттоо органынын коомдук кабылдамасында, дареги: Бишкек ш., Орозбеков көч., № 44; иштөө убактысы: дүйшөмбүдөн жумага чейин саат 09.00дөн 18.00гө чейин (түшкү тыныгуу: саат 12.30дан 13.30га чейин). Жарандарды кабыл алуу алар кайрылган күнү жүргүзүлөт; - даректери каттоо органынын "gosreg.kg" расмий сайтында жайгаштырылган жергиликтүү каттоо органдарында, иштөө убактысы: дүйшөмбүдөн жумага чейин саат 08.30дан 17.30га чейин (түшкү тыныгуу: саат 12.00дөн 13.00гө чейин). Жарандарды кабыл алуу алар кайрылган күнү жүргүзүлөт: жазуу жүзүндө; оозеки түрдө (телефон аркылуу, жеке байланыш аркылуу); электрондук формада (каттоо органынын "gosreg.kg" сайтынан каттоо органынын расмий электрондук почтасы аркылуу); - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 7-октябрындагы № 525 токтому менен бекитилген Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталын пайдалануу эрежелерине ылайык Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу; - маалымат такталарынан, брошюралардан, аларда ошондой эле кызмат көрсөтүүнү алуу жол-жоболору, бланктарды (үлгүлөрдү) толтуруу тартиби, төлөө тартиби (накталай, которуу менен), мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты жөнүндө маалымат жана байланыш маалыматы жайгаштырылат. Мамлекеттик кызмат көрсөтүү тууралуу маалымат кайрылган ар бир адамга акысыз негизде берилиши кепилденет. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - ЖМК (гезиттер, радио, телевидение); - каттоо органынын "gosreg.kg" расмий сайты; - социалдык тармактардагы каттоо органынын барактары; - жеке кайрылуу жана телефон аркылуу байланыш; - маалымат стенддери; - буклеттер (брошюралар) жана башка жеткиликтүү ыкмалар. Даректер, телефон номерлери жана иш режими кызмат көрсөтүү стандарты менен бирге стенддерде, каттоо органынын расмий сайтында жана электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында жайгаштырылат |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Арыз берүүчүлөр менен иштеген бардык кызматкерлердин фамилиясы, аты, атасынын аты жана кызматы көрсөтүлгөн персонификацияланган табличкалары (бейдждери) болот. Келүүчүлөр менен баарлашууда кызматкерлер этиканын принциптерин сакташат: сылык, ак ниеттүү, так, сабырдуу, принциптүү болуу, маселенин маңызын түшүнүүгө умтулуу, маектешти уга билүү жана анын позициясын түшүнө билүү, ошондой эле кабыл алынып жаткан чечимдерди далилдей билүү. Кызматкерлер кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерди) жана керектөөчүлөргө карата кесиптик-этикалык ченемдерди, объективдүүлүктү сакташат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жана кызыкчылыктардын кагылышына жол бербейт. Баарлашуу жана кызмат көрсөтүү керектөөчүлөрдүн бардык категориялары, анын ичинде ДМЧА үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт |
11 | Купуялуулукту камсыз кылуу ыкмалары | Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат "Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" жана "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган талаптар боюнча гана берилиши мүмкүн |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн иш-аракеттеринин тизмеси | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алууга арыздар жана документтер кыймылсыз мүлк бирдиги жайгашкан жердеги жергиликтүү каттоо органдарында кабыл алынат. Ошондой эле арыздар жана документтер электрондук форматта Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы аркылуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 7-октябрындагы № 525 токтому менен бекитилген Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталын пайдалануу эрежелеринде белгиленген талаптарга ылайык кабыл алынат. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн төмөнкүдөй документтер берилет: 1. Бардык арыз ээлери үчүн: - белгиленген формадагы арыз; - инсандыгын ырастоочу документ; - жер участогун (бар болгондо) алгачкы берүүдө жер участогун бөлүп берүү акты менен кыймылсыз мүлк бирдигине укук белгилөөчү документтер (төмөндө көрсөтүлдү); - акы төлөнгөндүгү жөнүндө документ (акы төлөө мамлекеттик органдын адиси тарабынан берилген документтердин белгиленген талаптарга шайкештигин текшергенден кийин жана арыз ээсине жерге жайгаштыруу иштерин тариздөөгө жана жер участогуна укугун ырастоочу документти берүүгө акы төлөө үчүн арыз ээсине документ бергенден кийин жүргүзүлөт). 2. Жеке адам үчүн: - эгерде кызмат көрсөтүүгө жеке жактын ыйгарым укуктуу өкүлү кайрылса, мамлекеттик каттоону жүзөгө ашырууга жеке жактын өкүлүнүн ыйгарым укуктарын ырастоочу документ. 3. Юридикалык жак үчүн: - анын өкүлүнүн ыйгарым укуктарын ырастоочу документ; - юридикалык жакты каттоо жөнүндө күбөлүктүн түп нускасы жана көчүрмөсү, юридикалык жактын уюштуруу документтери. Арыз ээсинен төмөнкүлөрдү талап кылууга тыюу салынат: - бул мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө байланыштуу келип чыккан мамилелерди жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларда каралбаган документтерди жана маалыматтарды берүүнү; - каттоо органынын жана жергиликтүү каттоо органынын карамагында турган документтерди жана маалыматтарды берүүнү; - "Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу алууга мүмкүн болгон документтерди берүүнү. Бардык документтер жергиликтүү каттоо органына эки нускада берилет, алардын бири түп нуска болууга тийиш. Документтин түп нускасы жерге жайгаштыруу ишитаризделгенден кийин катталган укук жөнүндө ырастама жазуу менен арыз ээсине кайтарылып берилет, ал эми көчүрмөсү каттоо ишине киргизилет. Документтерди кабыл алууда арыз ээсине тил кат берилет, ал эми арыздарды электрондук форматта кабыл алууда арызды жана документтерди кабыл алуу жана каттоо жөнүндө кабарлама жөнөтүлөт, аларда арызды жана кызмат көрсөтүү үчүн зарыл болгон документтерди кабыл алуу фактысы жана кызмат көрсөтүү жол-жобосунун башталышы, ошондой эле кызмат көрсөтүүнүн аяктоо датасы жана убактысы жөнүндө маалыматтар камтылат, же болбосо арызды жана кызмат көрсөтүү үчүн зарыл болгон документтерди кабыл алуудан жүйөлүү баш тартуу жөнөтүлөт. Акыркы натыйжаны алуу үчүн керектөөчү тил катта же электрондук кабарлоодо көрсөтүлгөн мөөнөттө жергиликтүү каттоо органына кайрылышы керек. Укук белгилөөчү документ төмөнкүлөр болушу мүмкүн: - кыймылсыз мүлккө укукту белгилеген Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук акты; - кыймылсыз мүлктү сатып алуу-сатуу учурунда - сатып алуу-сатуу келишими; - кыймылсыз мүлктү белекке берүүдө - белекке берүү келишими; - кыймылсыз мүлктү алмаштырууда - алмашуу келишими; - кыймылсыз мүлктү рентага алууда - рента келишими; - кыймылсыз мүлк күрөөсүндө (ипотекада) - күрөө (ипотека) келишими; - кыймылсыз мүлктү ижарага алууда (субижара) - ижара (субижара) келишими; - кыймылсыз мүлктү мурастоодо - мыйзам боюнча же керээз боюнча мурастоо укугу жөнүндө күбөлүк же тирүү калган жубайынын арызы боюнча жалпы мүлктөгү үлүшкө менчик укугу жөнүндө күбөлүк; - кыймылсыз мүлктү финансылык ижаралоодо (лизингде) - лизинг келишими; - ыйгарым укуктуу орган жер участогун бергенде - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чыгарылган ыйгарым укуктуу органдын токтому; - сот актыларынан келип чыгуучу кыймылсыз мүлккө укуктарды жана укуктарга оорчулуктарды (чектөөлөрдү) каттоодо - соттун чечими (токтому) же аныктамасы; - сот аткаруучулары же тергөө органдары тарабынан салынган кыймылсыз мүлккө укуктарга чектөөлөрдү каттоодо - сот аткаруучунун же тергөө органынын тергөөчүсүнүн токтому. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине жана ушул мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө байланыштуу келип чыгуучу мамилелерди жөнгө салуучу башка ченемдик укуктук актыларга ылайык азыркы учурда же келечекте катталууга тийиш болгон башка документтер да укук белгилөөчү документтер болушу мүмкүн. Айрым учурларда жергиликтүү каттоо органынын ыйгарым укуктуу кызматкери бул мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө байланыштуу келип чыгуучу мамилелерди жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык кошумча документтерди талап кылышы мүмкүн, бул жөнүндө жаранга жазуу жүзүндө билдирилет. Документтерди тапшыруудан мурда керектөөчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеси боюнча толук кеңеш ала алат |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Кызмат көрсөтүүгө акы төлөнөт. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча каттоо органынын буйругу менен аныкталат |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкүдөй критерийлер боюнча аныкталат: - ушул стандартта билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык аныктыгы жана өз убагында болуусу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, туткан дини, курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, жарандардан кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн ушул стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызмат көрсөтүү шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: имаратка кирүү мүмкүнчүлүгү, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун болушу жана жеткиликтүүлүгү (басма жана электрондук форматтарда); - кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы, бардык кызмат көрсөтүү жол-жоболорунун жүрүшүндө консультация берүү; - акыркы натыйжанын (алынган кызматтын) керектөөчүнүн күтүүлөрүнө ылайык келиши; - жарандардын даттануулар жана сунуштар китебинин жеткиликтүү жерде болушу |
15 | Электрондук форматта мамлекеттик кызмат көрсөтүү | Кызмат Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 7-октябрындагы № 525 токтому менен бекитилген Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталын пайдалануу эрежелерине ылайык электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы - portal.tunduk.kg аркылуу кызмат көрсөтүүнү алууга суроо-талапты (арызды) кабыл алуу бөлүгүндө электрондук форматта көрсөтүлөт. Эскертүү: кызмат көрсөтүүнү алууга электрондук өтүнмө жөнөтүү үчүн арыз ээси portaI.tunduk.kg порталында каттоодон өтүшү керек. Онлайн интерактивдүүлүк стадиясы - 3 (веб-баракча өтүнмөнү электрондук формада толтуруунун жана аны мамлекеттик органдын кароосуна кагазга басып чыгарбастан кабыл алуунун функциялык мүмкүнчүлүгүнө ээ) |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу төмөнкүдөй негиздер боюнча жүргүзүлүшү мүмкүн: - эгерде берилген документтер ушул мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө байланыштуу келип чыгуучу мамилелерди жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптарга ылайык келбесе; - эгерде укук күбөлөндүрүүчү документти алууга арыз менен аракетке жөндөмсүз жаран кайрылса; - эгерде берилген документти берген уюм же жак же бул документке тиешеси бар адам арыз ээси укук күбөлөндүрүүчү документти берүүнү суранган жер участогуна укукту тескөөгө ыйгарым укугу жок болсо; - эгерде белгилүү бир шарттар менен жүктөлгөн (чектелген) укуктарга ээ болгон жак бул шарттарды көрсөтпөстөн документ түзсө; - эгерде жер участогу жөнүндө берилген документтер арыз ээсинин бул жер участогуна укугу жок экендигин ырастаса; - укук белгилөөчү документтерде көрсөтүлгөн жер участогунун чек аралары жана аянты иш жүзүндөгү чектерге жана аянтка туура келбесе; - жер участогуна жеткиликтүүлүктүн жоктугу; - чектеш жер пайдалануучулардын жер участогунун чек араларын макулдашпоосу (чек аралары өзгөргөн учурда). Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартылган учурда арыз ээсине баш тартуунун себеби жөнүндө билдирүү берилет/жиберилет. Каттын көчүрмөсү мурда ушул кыймылсыз мүлктүн бирдигине ачылган каттоо ишине жайгаштырылат, ал эми каттоо журналына тиешелүү жазуу жазылат. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу административдик же сот тартибинде даттанылышы мүмкүн |
17 | Даттануу тартиби | Кызмат талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда арыз ээси "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык административдик тартипте каттоо |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарттарын кайра карап чыгуунун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүк менен туруктуу негизде кайра каралып турууга тийиш |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин 2025-жылдын 22-октябрындагы № 10-1/283 буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ