КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 24-июлу № 145
Кыргыз Республикасында Аталар күнүн жана Энелер күнүн белгилөө жөнүндө
1-берене.
15-март Кыргыз Республикасында жыл сайын майрамдалуучу Аталар күнү деп белгиленсин.
2-берене.
Май айынын үчүнчү жекшембиси Кыргыз Республикасында жыл сайын майрамдалуучу Энелер күнү деп белгиленсин.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
- үй-бүлөнү жана энеликти колдоо боюнча программаны иштеп чыксын жана бекитсин;
- Кыргыз Республикасында Аталар күнүнө жана Энелер күнүнө арналган маалыматтык-агартуу кампаниясын өткөрсүн.
4-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 30-июлундагы № 57 (3611) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |