Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 6-майы № 188
«3111 беренеден 2214 жана 2221 беренелерине акча каражатын жылдырууга макулдук берүү жөнүндө”.
Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын 2024-жылдын 23-апрелиндеги №2/129 буйругу,2024-жылдын 06-майындагы № 11 протоколу жана Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 06-майындагы № 62 буйругунун негизинде Ак-Суу айыл өкмөтүнүн Өзгөчө кырдаалдар боюнча адиси А.Шамшиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XIX сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1.2024-жылдын 5-майында катуу жааган жамгырдан улам чыккан сел кесепеттерин жоюу жана калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү максатында,акча каражаттарын
3111 беренесинен кемитилип,2214 жана 2221 беренелерине жылдырууга макулдук берилсин.
2.Акча каражатын беренелерден жылдыруу Ак-Суу айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Х.Кушбаковго жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын камсыздоо Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Худаяровго жана көзөмөлдөө Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин төрагасы А.Саматовго тапшырылсын.
Төрага | А.Саматов |