Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 25-июну № 190
“Ак-Суу айыл аймагында Алгачкы аскердик каттоого алуу боюнча адистин аткарып жаткан иштери жөнүндө”.
Ак-Суу айыл аймагынын Аскердик каттоого алуу боюнча инспектору А.Худаяровдун 2024-жылдын алты айлыгына карата аткарган иштери боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XX сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1.Ак-Суу айыл аймагынын Аскердик каттоого алуу боюнча инспектору А.Худаяровдун билдирүүсү көңүлгө алынсын.
2. Ак-Суу айыл аймагынын Аскердик каттоого алуу боюнча инспектору А.Худаяровдун 2024-жылдын алты айына карата аткарган иштери канааттандырарлык деп белгиленсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Худаяровго тапшырылсын.
Төрага | А.Саматов |