Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 25-июну № 192
“Ак-Суу-Суу” ИСКАКБнын тарифин көтөрүүгө макулдук берүү жөнүндө”.
“Ак-Суу-Суу” ИСКАКБнын тарифин көтөрүү боюнча “Ак-Суу-Суу” ИСКАКБнын башчысы билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XX сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1.“Ак-Суу-Суу” ИСКАКБнын башчысы А.Наврузовдун “Ак-Суу-Суу” ИСКАКБнын тарифин көтөрүү боюнча берген билдирүүсү көңүлгө алынсын.
2.“Ак-Суу-Суу” ИСКАКБнын тарифи төмөнкүдөй:
-Көчөдөгүү суу чоргодон пайдалангандар үчүн жан башына,бир айга 10(он) сомдон.
-Үйүнө(ашканасына) киргизип,пайдалангандар үчүн бир айга 170 (бир жүз жетимиш) сомдон.
-Ак-Суу айыл аймагындагы мектеп,бала бакча,оорукана жана Ак-Суу заставасы таза ичүүчү сууну пайдалангандыгы үчүн бир айга,жан башына 10 (он) сомдон төлөнүүгө макулдук берилсин.
3.Токтомдун аткарылышын камсыздоо “Ак-Суу-Суу” ИСКАКБнын башчысы А.Хакимовго жана эсепчиси М.Туйчиевге жүктөлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Саматов |