Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 25-июну № 193
“Ак-Суу маданият үйүнүн алдында уюшулган “ Шайыр апалар” тобунун мүчөлөрүнө улуттук форма сатып алууга макулдук берүү жөнүндө”.
Ак-Суу маданият үйунун директору Б.Эгембердиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XX сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1.Ак-Суу маданият үйүнүн директору Б.Эгембердиевдин берген билдирүүсү көңүлгө алынсын.
2 Ак-Суу маданият үйүнүн алдында уюшулган “ Шайыр апалар ” тобунун мүчөлөрүнө улуттук форма сатып алууга 50 000 (элүү миң) сом акча каражатын берүүгө макулдук берилсин.
3.Токтомдун аткарылышын камсыздоо Ак-Суу маданият үйүнүн директору Б.Эгембердиевге жүктөлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин социалдык,маданий,билим берүү,спорт,миграция,туризим жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы С.Муминовага тапшырылсын.
Төрага | А.Саматов |