Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 25-июну № 195
“Ак-Суу айыл аймагындагы Тарыхый-маданий мурас обьектерин коргоо жана пайдалануу жөнүндө”.
Лейлек районунун маданият бөлүмүнүн Тарыхый-маданий мурас обьектерин коргоо жана пайдалануу боюнча адиси Н.Сулайманованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XX сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Лейлек районунун маданият бөлүмүнүн Тарыхый-маданий мурас обьектерин коргоо жана пайдалануу боюнча адиси Н.Сулайманованын билдирүүсү көңүлгө алынсын жана канааттандырылсын.
2.Ак-Суу айыл аймагынын Ак-Суу,Жезкен,Суу-Башы,Жеңиш жана Алга айылдарындагы эстелик курулмалары жана тарыхый жерлер,имараттар коргоого алынууга макулдук берилсин.
3.Токтомдун аткарылышын камсыздоо Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Худаяровго жана көзөмөлдөө Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин социалдык,маданий, билим берүү,спорт,миграция,туризим жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы С.Муминовага тапшырылсын.
Төрага | А.Саматов |