Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 25-июну № 196
“Ак-Суу айылындагы тигүү цехин ижарага берүү жана пайдалануу жөнүндө”.
АРИС коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосу боюнча долбоордун координатору М.Э.Баялиевдин 2024-жылдын 13-июнундагы №10-498 катынын негизинде билдирүүнү угуп жана талкуулап, Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XX сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Ак-Суу айыл аймагынын Ак-Суу айылында АРИС прогораммасынын колдоосунун негизинде тигүү цехи уюштурулуп,жумуш орундары түзүлгөндүгү жана АРИС коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосу боюнча долбоордун координатору М.Э.Баялиевдин 2024-жылдын 13-июнундагы №10-498 каты көңүлгө алынсын жана канааттандырылсын.
2.Ак-Суу айылындагы Тигүү цехин бизнес-өнөктөшкө убактылуу пайдаланууга ижарага берүүгө макулдук берилсин.
3.Токтомдун аткарылышын камсыздоо Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Худаяровго жана көзөмөлдөө Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин социалдык,маданий,
билим берүү,спорт,миграция,туризим жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы С.Муминовага тапшырылсын.
Төрага | А.Саматов |