Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 25-июну № 198
“Жүгүн өзү төгүүчү(Самосвал) КамАЗ үлгүсүндөгү автоунаа алууга макулдук берүү жөнүндө ”.
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Худаяровдун сунушун угуп жана талкуулап,Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XX сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Худаяровдун сунушу көңүлгө алынсын жана канааттандырылсын.
2.Ак-Суу айыл өкмөтүнүн бюджетинен Жүгүн өзү төгүүчү(Самосвал) КамАЗ үлгүсүндөгү
автоунаа сатып алууга өздүк салым катары 1000 000(бир миллион) сом акча каражатын 3111 беренесинен 3112 беренесине жылдыруу менен берүүгө макулдук берилсин.
3.Керектүү өлчөмдөгү акча каражатынын калган бөлүгү Лейлек райондук Өнүктүрүү фондунан суралсын.
4.Токтомдун аткарылышын камсыздоо Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Худаяровго көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин экономика,бюджет соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Саматов |