Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 25-июну № 199
“ Шалы актоочу жана күрүчтү тангактоочу цех курууга макулдук берүү жөнүндө ”.
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Худаяровдун сунушун угуп жана талкуулап,Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XX сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Худаяровдун сунушу көңүлгө алынсын жана канааттандырылсын.
2.Ак-Суу айыл өкмөтүнүн бюджетинен Шалы актоочу жана күрүчтү тангактоочу цех курууга өздүк салым катары 362 000 ( Үч жүз алтымыш эки миң ) сом акча каражатын берүүгө макулдук берилсин.
3.Калган 2 000 000 (эки миллион) сом Лейлек райондук Өнүктүрүү фондунан суралсын.
4.Токтомдун аткарылышын камсыздоо Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Худаяровго көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин экономика,бюджет соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Саматов |