Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 25-июну № 189
“Айыл өкмөттүн балансындагы LOVOL FL-953 үлгүсүндөгү тракторго тетиктерин сатып алууга макулдук берүү жөнүндө ”.
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн ЖПБнын төрагасы А.Халмуратовдун сунушунун негизинде Ак-Суу айыл өкмөтүнун башчысы Р.Худаяровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап,Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XX сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн ЖПБнын төрагасы А.Халмуратовдун сунушу көңүлгө алынсын жана канааттандырылсын.
2.Ак-Суу айыл өкмөтүнүн бюджетинен Айыл өкмөттүн балансындагы LOVOL FL-953 үлгүсүндөгү тракторго кыймылдаткыч тетиктерин сатып алуу үчүн 100 000( жүз миң)сом 3111 беренесинен 22141200 беренесине акча каражатын жылдыруу менен берүүгө макулдук берилсин.
3.Токтомдун аткарылышын камсыздоо Ак-Суу айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Курбаналиевг көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин экономика,бюджет соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссия бачысы Ш.Анарбаевге тапшырылсын.
Төрага | А.Саматов |