Загрузка документа…
ИСХАК-ПОЛОТХАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 12-июнь № 130
Исхак-Полотхан айыл аймагындагы АМБнүн имаратын курууга 0,20га жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө.
1. Исхак-Полотхан айыл аймагындагы ( АМБ) айылдык милиция бөлүмүнүн имаратын жаңыдан курууга 0,20 га жер аянты бөлүп берилсин.
2. Токтомду мыйзамда белгиленген тартипте аткарууга алуу Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Дыкановго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин айыл чарба, жер, муниципалдык менчик, архитектура, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу
комиссиясына жүктөлсүн.
4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана айылдык кеңештин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы А.Араповага милдеттендирилсин.
Төрага |
| Матажиев Г. |