Загрузка документа…
ИСХАК-ПОЛОТХАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 12-июнь № 131
Исхак-Полотхан айыл аймагындагы соода-сатык түйүндөрүнүн алдындагы айыл өкмөткө тиешелүү болгон жер аянтын ижара шартында баасын бекитүү жөнүндө.
1. Исхак-Полотхан айыл аймагындагы “соода-сатык жана элге кызмат көрсөтүү”багытындагы түйүндөрүнүн алдындагы айыл өкмөткө тиешелүү болгон жер аянтын ижара шартында түз келишим менен айына 10с өлчөмүндө бекитилсин.
2. Токтомду мыйзамда белгиленген тартипте аткарууга алуу Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Дыкановго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, инвестиция, экономика, ишкердик иштери жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана айылдык кеңештин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы А.Араповага милдеттендирилсин.
Төрага |
| Матажиев Г. |