Загрузка документа…
ИСХАК-ПОЛОТХАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 12-июнь № 134
“Исхак-Полотхан” муниципалдык ишканасынын катуу тиричилик таштандыларын ташып чыгуу тарифтерин бекитүү, Лизинг аркылуу атайын техника алуу үчүн 2300,0 (эки миллион үч жүз миң) сомго кепилдик берүү, жумушчулардын эмгек акысы үчүн субсидия катары 400,0(төрт жүз миң) сом акча каражатын берүү, жумушчулардын штаттык бирдигин бекитүү жөнүндө.
1. Исхак-Полотхан муниципалдык ишканасынын катуу тиричилик таштандыларын ташып чыгаруу жана таштанды таштоочу жайга жайгаштыруу үчүн түзүлгөн тарифтеринин нарктамасын таблицага негиз бекитилсин. (Таблица бир баракта тиркелет).
2. Исхак-Полотхан муниципалдык ишкананын жумушчуларынын айлык акылары штаттык бирдикте бекитилсин.
3. Лизинг аркылуу спецтехника(атайын техника) алуу үчүн 2,300(эки миллион үч жүз миң) сомго айыл өкмөтү тарабынан кепилдик берилсин.
4. Муниципалдык ишкананын жумушчуларына эмгек акысына субсидия катары 400,0(төрт жүз миң) сом акча каражаты,кызмат аркылуу кайтарып берүү шарты менен берилсин.
5. Токтомду мыйзамда белгиленген тартипте аткарууга алуу Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Дыкановго милдеттендирилсин.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, инвестиция, экономика, ишкердик иштери жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
7. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана айылдык кеңештин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы А.Араповага милдеттендирилсин.
Төрага |
| Матажиев Г. |