Загрузка документа…
КЫЗ-КѲЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыз-Кѳл айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
кезектеги XVI сессиясынын
2024-жыл 17-майындагы №10
Жерлерди бир категориядан башка категорияга
(трансформациялоо) которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13-беренесине, Кыргыз Республикасынын “Жер участколорун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Мыйзамынын “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү туралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 169 токтомунун негизинде Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Жаңы-Арык айылында жайгашкан
№3370 контурундагы 0,01га айыл чарбасынын жайыт жерлерине Беккара чуңкурчасын куруу максатында “Айыл чарба багытындагы жерлери” категориясынын жайыт жерлери түрүнөн Өнөр жай , транспорт, байланыш, коргоо жана башка багытындагы жерлери категориясына которуп берүүгө макулдук берилсин.
2. Сузак райондук мамлекеттик администрациясынан Жаңы-Арык айылында жайгашкан №3370 контурундагы 0,01га айыл чарбасынын жайыт жерлерине Беккара чуңкурчасын куруу максатында “Айыл чарба багытындагы жерлери” категориясынын жайыт жерлери түрүнөн “Өнөр жай , транспорт, байланыш, коргоо жана башка багытындагы жерлери” категориясына которуп берүү жагы суралсын.
3. 1-пункутта көрсөтүлгөн жерлерди которууда иш кагаздарын даярдоо жана ишке ашыруу жагы Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Орозалиевге жүктөлсүн.
4. Аталган токтом Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актларынын мамлекеттик реестирине жайгыштыруу жагы Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы М.Алиевага милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Бобошевге милдеттендирилсин.
Кеңештин төрагасы: |
К.Кушбаков |