Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXVIII сессиясынын
2024-жыл 08-майы №224
Кетмен-Төбө айылынын Жийде көчөсүнүн Үч-Терек айыл аймагына караган бөлүгүн алмашуу боюнча сунушту кароо жөнүндө
Кетмен-Төбө айылынын Жийде көчөсүнүн Үч-Терек айыл аймагына караган
бөлүгүн алмашуу боюнча сунушту кароо жөнүндө маселени мыйзам чегинде карап чечип берүү жөнүндөгү Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы А.Байсабаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18чи жана 21-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” мыйзамынын 3-беренесинин 4-пунктун негиздеп, Үч-Терек айылдык кеңешинин кезектеги XXVIII сессиясы токтом кылат:
1. Кетмен-Төбө айылынын Жийде көчөсүнүн Үч-Терек айыл аймагына караган бөлүгү жайыт жер болуп эсептелгендиктен жана администрациялык–аймактык бирдиктердин чек араларын белгилөө жана өзгөртүү айылдык кеңештин компетенциясына кирбегендиктен, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жана Министрлер кабинетине кайрылуу жагы сунушталсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
3. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды
Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы: | А.Дѳѳлѳткелдиев |