Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXVIII сессиясынын
2024-жыл 08-майы №226
Саргата айылынын Кара–Колот участкасынан, Үч-Терек–Кызыл-Өзгөрүш унаа жолунун 2010м аралыгындагы №318 контурдагы 0,05га жайыт жер аянтынын багытын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө.
Саргата айылынын Кара –Колот участкасынан, Үч-Терек–Кызыл-Өзгөрүш унаа жолунун 2010м аралыгындагы №318 контурдагы айыл чарба категориясындагы 0,05га жайыт жер аянтынын багытын, өнөр жай транспорт, байланыш, энергетика, коргоо жана башка багыттагы жерлер категориясына өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндөгү Үч-Терек айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Келгенбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыгыз Республикасынын “Жер кодексинин” 10-11 беренелерине ылайык, Үч-Терек айылдык кеңешинин кезектеги XXVIII сессиясы токтом кылат:
1. Саргата айылынын Кара–Колот участкасынан, Үч-Терек–Кызыл-Өзгөрүш унаа жолунун 2010м аралыгындагы №318 контурдагы айыл чарба категориясындагы 0,05га жайыт жер аянтынын багытын, өнөр жай транспорт, байланыш , энергетика, коргоо жана башка багыттагы жерлер категориясына өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
3. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы: | А.Дѳѳлѳткелдиев |