Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXVIII сессиясынын
2024-жыл 08-майы №227
Үч-Терек айылынын тургуну Туратбекова Уларага тиешелүү чайхана салуу үчүн чыгарылган чечимдин багытын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө
Үч-Терек айылынын тургуну Туратбекова Улара Туратбекованын кайры-луусунун негизинде, Бишкек-Ош унаа жолунун 124-125 чакырымындагы Үч-Терек айылынын Тешкен –Тоо участкасынан, 1994-жылы чайхана куруу үчүн алган 0,04 га жайыт жер аянтына там салып жашап жаткандыгына байланыштуу мыйзам чегинде багытын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндөгү Үч-Терек айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Келгенбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жер кодексинин” 12-беренесинин 2-пунктуна, 13 беренесинин 1-3 пунктуна ылайык, Үч-Терек айылдык кеңешинин кезектеги XXVIII сессиясы токтом кылат:
1. Үч-Терек айылынын тургуну Туратбекова Уларанын, Үч-Терек айылынын Тешкен-Тоо участкасынан 1994-жылы чайхана куруу үчүн алган 0,04 га жайыт жер аянтынын багытын өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Аталган жер аянтынын багытын өзгөртүү боюнча мыйзам чегинде тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөттүн жер адиси М.Келгенбаевке жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы: | А.Дѳѳлѳткелдиев |