Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXVIII сессиясынын
2024-жыл 08-майы №232
Аппарат бөлүмүнүн 2222 статьясына каралган 40,0(кырк миң)сом
акча каражатын башка статьяга которуу жөнүндө
Үч-Терек айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы К.Көкөевдин мектеп окуучуларынын спорттук олимпиадаларга катышуу үчүн жол чыгымдарын төлөп берүүгө жылдык планда каралган «Орто мектептер» бөлүмүнүн 2211 статьясындагы каражат жетишсиз болуп жаткандыгына байланыштуу, «Аппарат» бөлүмүнүн 2222 статьясына каралган каражаттан 40,0(кырк миң) сом акча каражатын «Орто мектептер» бөлүмүнүн 2211 статьясына жылдырып берүү боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Үч-Терек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясы токтом кылат:
1. Үч-Терек айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы К.Көкөевдин билдирүүсү эске алынсын.
2. «Аппарат» бөлүмүнүн 2222 статьясына каралган каражаттан, 40,0(кырк миң) сом акча каражаты «Орто мектептер» бөлүмүнүн 2211 статьясына жылдырылсын.
3. Жылдырылган акча каражатын, Үч-Терек айыл өкмөтүнүн негизги каражатынын «Орто мектептер» бөлүмүнүн 2211 статьясына отургузууну камсыз кылуу жагы, каржы бөлүмүнүн башчысы К.Көкөевге милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы А.Байсабаевке милдеттендирилсин.
5. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
6.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы: | А.Дѳѳлѳткелдиев |