Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXVIII сессиясынын
2024-жыл 08-майы №233
Жайыт жер аянтынын багытын өзгөртүп, балдар ойноочу аянтча куруу үчүн багытын өзгөртүүгө (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө
Үч-Терек айылынын Үч-Терек көчөсүнүн үстү жагынан кесип өткөн Карды-Жарык каналынын боюндагы жолдун жогору жагынан 0,60га жайыт жер аянтынын багытын өзгөртүп, айланасын бак тигип жашылдандыруу жана балдар ойноочу аянтча куруу үчүн багытын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндөгү Үч-Терек айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси М.Келгенбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы № 145 «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө» мыйзамына ылайык, Үч-Терек айылдык кеңешинин кезектеги XXVIII сессиясы токтом кылат:
1. Үч-Терек айылынын Үч-Терек көчөсүнүн үстү жагынан кесип өткөн Карды-Жарык каналынын боюндагы жолдун жогору жагынан № 154 контурдагы 0,60 га жайыт жер аянтынын багытын "Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан "Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка багыттагы жерлер" категориясына өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Аталган жер аянтын «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан "Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу жагы, Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы А.Байсабаевге, тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы жер боюнча башкы адис М.Келгенбаевке жүктөлсүн.
4. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы: | А.Дѳѳлѳткелдиев |