Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXVIII сессиясынын
2024-жыл 08-майы №237
Камбар-Ата -2 ГЭСинин аймагына курулган насостук станцияны, Токтогул райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Үч-Терек, Саргата айылдарындагы үлүш жерлерди сугат суу менен камсыз кылуу максатында ,Өзү агып келүүчү Сары-Таш каналынын башына, Камбар-Ата -2 ГЭСинин аймагына жалпы сметалык наркы 2498748 (эки миллион төрт жүз токсон сегиз миң жети жүз кырк сегиз)сомдук насостук станция куруу боюнча жумуштар “Прогресс+С” жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан толугу менен жасалып бүтүп, насос толук кандуу ишке киргизилген. Аталган насостук станцияны Токтогул райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө айыл өкмөт башчысы А.Байсабаевдин кайрылуусун угуп жана талкуулап, Үч-Терек айылдык кеңешинин кезектеги XXVIII сессиясы токтом кылат:
1. Үч-Терек, Саргата айылдарындагы үлүш жерлерди сугат суу менен камсыз кылуу максатында, Өзү агып келүүчү Сары-Таш каналынын башына, Камбар-Ата -2 ГЭСинин аймагына курулган, жалпы сметалык наркы 2498748(эки миллион төрт жүз токсон сегиз миң жети жүз кырк сегиз) сомдук насостук станцияны Токтогул райондук суу чарба башкармалыгынын балансасына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Өзү агып келүүчү Сары-Таш каналынын башына, Камбар-Ата -2 ГЭСинин аймагына курулган насостук станцияны Токтогул райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүп берүү жагы Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы А.Байсабаевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы: | А.Дѳѳлѳткелдиев |