Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 22-июлу № 133
Ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
төмөнкүдөй мазмундагы 3381-берене менен толукталсын:
"3381-берене. Мыйзамдуу ишкердик ишине тоскоолдук кылуу
1. Жеке ишкерди же юридикалык жакты мамлекеттик каттоодон мыйзамсыз баш тартуу же болбосо аларды каттоодон качуу, белгилүү бир ишти жүзөгө ашырууга атайын уруксат (лицензия) берүүдөн мыйзамсыз баш тартуу же болбосо аны берүүдөн качуу, жеке ишкердин же юридикалык жактын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын мыйзамсыз чектөө же болбосо уюштуруу-укуктук формасына карабастан жеке ишкердин же юридикалык жактын ишине башка мыйзамсыз кийлигишүү, эгерде бул жосундар кызмат адамы тарабынан өзүнүн кызматтык абалын пайдалануу менен жеке ишкердин же юридикалык жактын укуктарына жана мыйзамдуу кызыкчылыктарына олуттуу залал келтирүү менен жасалса, -
5000ден 10000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же мүлкүн конфискациялоо менен же аны колдонбостон, эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
2. Төмөнкүлөр тарабынан жасалган ошол эле жосун:
1) адамдардын тобу тарабынан;
2) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан, -
10000ден 20000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга, мүлкүн конфискациялоо менен, үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.".
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
436-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"436-берене. Кызмат адамдарынын ишкердик субъекттерине мыйзамсыз текшерүүлөрдү жүргүзүүсү же алардын мыйзамдуу ишине тоскоолдук кылуусу
Мамлекеттик органдардын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, анын ичинде көзөмөлдөө, укук коргоо жана контролдоо функцияларын жүзөгө ашыруучу кызмат адамдарынын жеке ишкердин же юридикалык жактын ишине мыйзамсыз кийлигишүүсү, ошондой эле алардын мыйзамдуу ишине тоскоолдук кылуусу, анын ичинде мыйзамсыз текшерүүлөрдү жүргүзүү жолу менен тоскоолдук кылуусу, ошондой эле алардын ыйгарым укуктарынын чегинен чыккан жана жеке ишкердин же юридикалык жактын укуктарын, эркиндиктерин жана кызыкчылыктарын бузууга алып келген аракеттерди жасоосу, кылмыш жазасына тартуучу жосундун белгилери жок болгондо -
кызмат адамдарына 150 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.".
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1091-берене төмөнкүдөй мазмундагы 11-бөлүк менен толукталсын:
"11. Экономикалык ишти жүзөгө ашыруучу ишкердик субъекттерине карата бөгөт коюу чарасын колдонуу жөнүндө маселени чечүүдө биринчи кезекте электрондук байкоо жүргүзүүнү колдонуу каралууга тийиш.";
2) 112-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Күрөө - айыпталуучу же болбосо башка адам тарабынан айыпталуучунун ушул Кодекстин 105-беренесинде саналып өткөн аракеттерди жасабагандыгынын кепилдиги катары ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атайын эсебине төгүлүүчү акчалай сумма. Жарандык жүгүртүүдөн алып салынган жана мыйзамга ылайык ага жаза салынышы мүмкүн болбогон мүлктү кошпогондо, камак салынуучу башка баалуулуктар, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк күрөө катары кабыл алынышы мүмкүн. Күрөө катары башка баалуулуктарды, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү берүүдө айыпталуучу же болбосо башка адам аларды кылмыш-жаза сот өндүрүшүн жүзөгө ашыруучу органга укук белгилөөчү документтери менен берүүгө милдеттүү. Күрөөнүн баалуулугун далилдөө жана чектөөлөрдүн жоктугу айыпталуучуга же болбосо башка адамга жүктөлөт.";
б) 3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Күрөө түрүндөгү бөгөт коюу чарасын колдонуу жөнүндө чечимди тергөө судьясы, судья, сот камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасын же башка чараны колдонуу жөнүндө тергөөчүнүн, прокурордун өтүнүчүн кароонун жыйынтыгы боюнча соттук отурумда айыпталуучу, анын адвокаты, мыйзамдуу өкүлү менен камакка алууга альтернативдүү болгон бөгөт коюу чараларын колдонуу мүмкүнчүлүгүн талкуулоонун жыйынтыгын эске алуу менен кабыл алууга укуктуу.
Тергөө судьясы, судья, сот күрөө түрүндөгү бөгөт коюу чарасын колдонуу жөнүндө чечим кабыл алып, күрөөнүн өлчөмүн жана киргизүү мөөнөтүн белгилейт. Эгерде айыпталуучу кармалса, анда кармоо мыйзамдуу жана негиздүү деп таанылган шартта күрөө киргизилгенге чейин камакка алуу түрүндө бөгөт коюу чарасы тандалат.
Күрөөнүн суммасы атайын банктык эсепке салынган же күрөө киргизилгенге чейин бөгөт коюу чарасын колдонуу жөнүндө токтомдо судья, сот тарабынан аныкталган күрөө суммасына өлчөмдөш же андан көп болгон баалуулуктар, кыймылдуу же кыймылсыз мүлк берилген учурда, айыпталуучунун, анын адвокатынын, күрөөнү киргизген адамдын өтүнүчү боюнча тергөө судьясы 24 сааттын ичинде, ал эми сот - өтүнүч келип түшкөн учурдан тартып 5 сутканын ичинде соттук отурумда бөгөт коюу чарасын өзгөртүү жөнүндө маселени чечет. Прокурорду, адвокатты кошпогондо, тараптардын келбей калышы бөгөт коюу чарасын өзгөртүү жөнүндө маселени чечүүгө тоскоолдук болуп саналбайт.";
в) төмөнкүдөй мазмундагы 31-бөлүк менен толукталсын:
"31. Баалуулуктарды, кыймылдуу же кыймылсыз мүлктү күрөө катары берүүдө тергөө судьясы, судья, сот прокурордун, адвокаттын, күрөө берүүчүнүн катышуусу менен ошол мүлктү камакка алат. Мүлктү күрөө катары кабыл алуу жана ага камак салуу жөнүндө токтом, ошондой эле берилген мүлктүн документтери кылмыш-жаза сот өндүрүшүн жүзөгө ашыруучу органга өткөрүлүп берилет. Соттук отурумга катышуучу жактарга токтомдун көчүрмөсү берилет.";
г) төмөнкүдөй мазмундагы 51-бөлүк менен толукталсын:
"51. Экономикалык ишти жүзөгө ашыруучу ишкердик субъекттерине карата бөгөт коюу чараларын колдонуу жөнүндө маселени чечүүдө күрөөнү колдонуу биринчи кезекте каралууга тийиш.";
д) төмөнкүдөй мазмундагы 81-бөлүк менен толукталсын:
"81. Баалуулуктар, кыймылдуу же кыймылсыз мүлк күрөө катары берилген учурда мамлекеттин кирешесине айландыруу мүлктүн тергөө судьясы, судья, сот тарабынан аныкталган күрөөнүн суммасына өлчөмдөш болгон бөлүгүнө жүргүзүлөт.";
3) 113-берене төмөнкүдөй мазмундагы 11-бөлүк менен толукталсын:
"11. Экономикалык ишти жүзөгө ашыруучу ишкердик субъекттерине карата бөгөт коюу чараларын колдонуу жөнүндө маселени чечүүдө үй камагын колдонуу биринчи кезекте каралууга тийиш.";
4) 114-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Экономикалык ишти жүзөгө ашыруучу ишкердик субъекттерине карата менчикке каршы (Кылмыш-жаза кодексинин 210, 214, 215-беренелери), экономикалык ишти жүзөгө ашыруу тартибине каршы (Кылмыш-жаза кодексинин 218, 220, 223, 225, 228, 230, 231-беренелери), акча-кредит жана валюта чөйрөсүндөгү (Кылмыш-жаза кодексинин 232, 235-237-беренелери), салык салуу чөйрөсүндөгү (Кылмыш-жаза кодексинин 238-244-беренелери), коммерциялык жана башка уюмдардагы кызматтын кызыкчылыктарына каршы (Кылмыш-жаза кодексинин 245, 247-беренелери) кылмыштар боюнча камакка алуу колдонулбайт. Биринчи кезекте ушул Кодекстин 1091, 112 же 113-беренелеринде каралган бөгөт коюу чараларын колдонуу каралууга тийиш.
Бул бөлүктүн ченемдери тергөө органынан жана соттон жашырынып жүргөн адамдарга же өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирген же өзгөчө ири өлчөмдө киреше алуу менен коштолгон жосунду жасаган адамдарга жайылтылбайт.".
4-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 26-июлундагы № 56 (3610) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
|
|
2024-жылдын 27-июнунда |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |