Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыя шаардык кенешинин VII чакырышынын кезектеги 39-сессиясы
2024-жылдын 25 –июну №39/149
Кызыл-Кыя шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын, Кызыл-Кыя шаардык социалдык фондунун аткарган иштери жөнүндө
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесине негиз, шаардык кеңештин Социалдык өнүктүрүү, саламаттыкты сактоо, билим берүү, жаштар саясаты, маданият, миграция, жумушсуздук, спорт жана туризм маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 23-майындагы №21 протоколун эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1. Кызыл-Кыя шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы Т.Давлятованын жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Кызыл-Кыя шаардык башкармалыгынын башчысы З.Надировдун маалыматтары эске алынсын.
2. Кызыл–Кыя шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы Т.Давлятовага милдеттендирилсин:
- шаардагы аз камсыз болгон үй–бүлөлөрдү өз убагында аныктоо, аларга социалдык паспортторду толтуруу, жөлөк пулдарды чегерүү, иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү иштерин сапаттуу жүргүзүү;
- шаардагы эмгек рыногуна мониторинг жүргүзүү менен калкка жана замандын талабына зарыл болгон кесиптерге кайра окутуу жана аларды жумушка орноштурууга көмөк көрсөтүү иштерин активдүү жүргүзүү;
- шаардын мэриясы менен биргеликте балдарга карата зордук–зомбулуктарга жол бербөө багытында ата-энеси миграцияда жүргөн балдарды аныктоо жана аларды көзөмөлгө алуу иштерин алып баруу;
- гуманитардык жардамдар берилүүчү аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн тизмелерин кварталдык жана үй комитеттеринин төрагалары, айыл башчылары менен биргеликте сапаттуу даярдоо;
- гуманитардык жана жергиликтүү бюджеттен берилүүчү жардамдарды өз адресине жетүүнү камсыз кылуу;
- шаардык кенештин сессиясында шаардык социалдык жактан коргоо башкармалыгынын ишинде белгиленген кемчиликтерди жыл аягына чейин жоюу.
3. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Кызыл-Кыя шаардык башкармалыгынын башчысы З.Надировго милдеттендирилсин:
- камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөрдү өз убагында каттоого алуу;
- шаар калкынын пенсия курагындагы жарандарын категориялары боюнча так аныктоо жана аларга пенсияларды өз убагында чегерүүнү жүргүзүү;
- жарандарга пенсия чегерүүнүн жол-жоболору жана МПТФ (мамлекеттик пенсиялык топтомо фонду) жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
- пенсияга кошулган жогорулатууларды, кайра эсептөөлөрдү өз убагында жана сапаттуу жүргүзүү.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин Социалдык өнүктүрүү, саламаттыкты сактоо, билим берүү, жаштар саясаты, маданият, миграция, жумушсуздук, спорт жана туризм маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ж.Калматов |