Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 4-июлу № 362
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 24-январындагы № 40 "Ысык-Көл" биосфералык аймагы жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 370 "Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, Балыкчы шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 2-апрелиндеги № 01-19/1223 Көк-Мойнок айыл аймагын Балыкчы шаарынын курамына киргизүү жөнүндө катын көңүлгө алып, "Биосфералык аймактар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 24-январындагы № 40 "Ысык-Көл" биосфералык аймагы жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. "Ысык-Көл" биосфералык аймагы жөнүндө жобого ылайык жерге ээлик кылуунун жана пайдалануунун учурдагы структурасын сактоо менен биосфералык аймакта 4 зона бөлүнсүн.
№ | Зонанын аталышы | Аянт (га менен) |
1 | Өзөк зонасы | 729220 |
2 | Буфердик зона | 2595397 |
3 | Өткөөл зона | 629599 |
4 | Санация зонасы | 360184 |
| Баары: | 4314400 |
";
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Ысык-Көл" биосфералык аймагы жөнүндө жободо:
- 9, 10-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9. Жалпы аянты 2595397 га буфердик зона төмөнкүдөй участокторду камтыйт:
1) аянты 623929 га Ысык-Көл акваториясын, пансионаттардын портторундагы жана причалдарындагы 1 километрдик зонаны кошпогондо;
2) аянты 460 га Орто-Токой суу сактагычын;
3) Тескей Ала-Тоо жана Күңгөй Ала-Тоо кыркаларындагы аянты 319980 га мамлекеттик токой фондунун аймагын;
4) Тескей Ала-Тоо кыркасынын токой тилкесинин капталдарынын экосистемасы болуп эсептелген, аянты 14753 га "Каракол" мамлекеттик жаратылыш паркынын аймагын (корук режиминдеги зонаны кошпогондо);
5) аянты 61472 га мамлекеттик корукчаларды;
6) мамлекеттик токой фондунан жогору жана Күңгөй Ала-Тоо жана Тескей Ала-Тоо кыркаларынын чокуларына чейин жайгашкан, аянты 624628 га мамлекеттик жер запасынын аймагын жана аянты 876149 га айыл чарба багытындагы жерлерди жана башка жерлерди;
7) сырт бийик тоолор экосистемасынан турган, аянты 74026 га "Хан-Теңири" мамлекеттик жаратылыш паркынын аймагын (корук режиминин зонасын кошпогондо).
№ | Аталышы | Жалпы аянты, га менен |
1 | Ысык-Көл | 623929 |
2 | Орто-Токой суу сактагычы | 460 |
3 | Мамлекеттик токой фондунун жерлери | 319980 |
4 | "Каракол" МЖП (корук режиминдеги зонаны кошпогондо) | 14753 |
5 | 11 корукча | 61472 |
6 | Мамлекеттик жер запасынын жерлери | 624628 |
7 | Айыл чарба багытындагы жерлер жана башка жерлер | 876149 |
8 | "Хан-Теңири" МЖП (корук режиминдеги зонаны кошпогондо) | 74026 |
| Баары: | 2595397 |
10. Жалпы аянты 629599 га өткөөл зона айыл чарба жерлерин жана өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жана башка багыттагы жерлерди, ошондой эле калктуу конуштардын аймактарын жана долбоорлонуп жаткан Асман экологиялык шаарынын, пансионаттардын аянтын жана Ысык-Көл ойдуңунун буфердик зонага кирбеген калган аймагын камтыйт.
№ | Аталышы | Жалпы аянты, га менен |
1 | Калктуу конуштардын жерлери | 15613 |
2 | Асман экологиялык шаары | 3143 |
3 | Айыл чарба багытындагы жерлер жана башка жерлер | 576071 |
4 | Жалпы жайылган кендерге лицензиялык аянттар | 34772 |
| Баары: | 629599 |
".
2. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги бекитилген тартипте:
1) "Ысык-Көл" биосфералык аймагынын иштөө режимдерин сактоону камсыз кылсын;
2) биосфералык зоналардын чектерин белгилөө, ошондой эле "Ысык-Көл" биосфералык аймагынын аймактык түзүлүшү жана зоналаштырылышы боюнча материалдарды корректировкалоо үчүн атайын эсептен каражаттарды бөлүп берсин;
3) өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |