Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыя шаардык кенешинин VII чакырышынын кезектеги 39-сессиясы
2024-жылдын 25 –июну №39/150
“Кызыл-Кыя Сууканал” муниципалдык мекемесинин аткарган
иштери жөнүндө
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесине негиз, шаардык кеңештин Ишкерлер, өнөр – жай, транспорт, коммуникация жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 15-майындагы №33 протоколун эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ кылат:
- шаар элин ичүүчү суу менен толук камсыз кылуу максатында Исфайрам, Так-Тек, Кулуштан участкаларынан келүүчү суулардын дебетин жогорулатуу боюнча толук кандуу иштерди жүргүзүү;
- шаар элине берилип жаткан ичүүчү суунун жана суу сактагычтардын санитардык нормага ылайыктуулугун камсыз кылуу, өз убагында ичүүчү сууну хлордоо;
- шаар калкынын арасында ичүүчү сууну үнөмдүү пайдалануу, суу берүүчү колонкаларга вентильдерди орнотуу, ичүүчү сууну жана канализацияны пайдалангандыктары үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөө жана суу өлчөөчү эсептегичтерди орнотуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
- жараксыз болуп калган ичүүчү суу түтүктөрүн ар жыл сайын пландуу түрдө алмаштыруу жана бузулган жерлерди калыбына келтирүү жагы колго алынсын;
- Азия Өнүктүрүү Банкы тарабынан алынган кредиттин пайыздарын өз убагында төлөөнү камсыздоо.
Төрага | Ж.Калматов |