Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН тескемеси
2024-жылдын 19-июлу № 432-т
Мамлекеттик ички жол-жоболорду жүргүзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 65-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. 2022-жылдын 14-октябрында Астана шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин коррупцияга каршы аракеттенүүдөгү кызматташтыгы жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы аталган Макулдашуунун жоболорун ишке ашырууга жооптуу компетенттүү орган болуп аныкталсын.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-июлундагы № 432-т тескемеси менен жактырылган |
2022-жылдын 14-октябрында Астана шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин коррупцияга каршы аракеттенүүдөгү кызматташтыгы жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин КОРУТУНДУСУ
Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин коррупцияга каршы аракеттенүүдөгү кызматташтыгы жөнүндө макулдашууга (мындан ары - Макулдашуу) 2022-жылдын 14-октябрында Астана шаарында төмөндөгү мамлекеттер: Азербайжан Республикасы, Армения Республикасы, Беларусь Республикасы, Казакстан Республикасы (эскертме менен), Кыргыз Республикасы (эскертме менен), Молдова Республикасы, Россия Федерациясы, Тажикстан Республикасы, Түркмөнстан, Өзбекстан Республикасы жана Украина тарабынан кол коюлган.
Ошол эле учурда Макулдашуунун 31-беренесине ылайык бул эл аралык макулдашуу депозитарий ага кол койгон Тараптардын анын күчүнө кирүүсү үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө үчүнчү кабарламаны алган датадан тартып 30 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Макулдашуу КМШны андан ары өнүктүрүү концепциясын (6.2-п.) жана 2008-2010-жылдарга карата кылмыштуулукка каршы күрөшүүнүн биргелешкен чараларынын мамлекеттер аралык программасын аткаруу (1.1.1-п.), өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү жана өркүндөтүү, коррупциялык укук бузууларга каршы күрөшүүдө кызматташуунун натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндө макулдашылган саясатты иштеп чыгуу жана жүргүзүү үчүн иштелип чыккан.
Макулдашууну ратификациялоо терс социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык жана коррупциялык кесепеттерге алып келбейт.
Мындан тышкары улуттук жана эл аралык мыйзамдардын колдонуудагы ченемдерин талдоонун жыйынтыгы боюнча Макулдашуунун ченемдери Кыргыз Республикасынын колдонуудагы ченемдик укуктук актыларына каршы келбей тургандыгы аныкталган.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12, 13-беренелеринин талаптарына ылайык, ошондой эле Макулдашуунун 31-беренесинин жоболорун эске алуу менен, аны ратификациялоо жөнүндө сунуш Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине ратификациялоо жөнүндө мыйзам формасында киргизилет, ага кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык Президент кол коет.
Ошол эле учурда Макулдашуунун жоболорун ишке ашыруу бюджеттик каражаттардын чыгашаларынын көбөйүшүнө алып келбейт. Компетенттүү органдардын кызматташуусу компетенциясына Макулдашууну аткаруу кирген мамлекеттик органдарды күтүүгө бюджетте каралган ассигнованиелердин чегинде жүргүзүлөт.