Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыя шаардык кенешинин VII чакырышынын кезектеги 39-сессиясы
2024-жылдын 25 –июну №39/151
Кызыл-Кыя шаарында каада-салттарды, салтанаттарды жана үрп-адаттарды тартипке келтирүүнү караган үйлөнүү үлпөтүн, үй-бүлөлүк, мааракелик салтанаттарды, маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана маркумга арналган иш-чараларды өткөрүүнүн тартиби жөнүндө Жобонун аткарылышы
боюнча
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесине негиз, шаардык кеңештин Укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 23-майындагы №35 протоколун эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1. Кызыл-Кыя шаарында каада-салттарды, салтанаттарды жана үрп-адаттарды тартипке келтирүүнү караган үйлөнүү үлпөтүн, үй-бүлөлүк, мааракелик салтанаттарды, маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана маркумга арналган иш-чараларды өткөрүүнүн тартиби жөнүндө Жобонун аткарылышы боюнча Кызыл-Кыя шаарынын мэринин орун басары И.Бабаевдин маалыматы эске алынсын жана аталган Жобонун толук кандуу аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы тапшырылсын.
2. Жобону аткарууга көмөк көрсөтүү үчүн Аялдар кеңеши, Аксакалдар кеңеши, шаардагы диний-кызматкерлер, үй жана кварталдык комитеттердин башчылары, ички иштер бөлүмү менен тыгыз иш алып баруу жагы шаардык мэрияга сунушталсын жана аткарылып жаткан иш-чаралар жергиликтүү ММКда чагылдырылсын.
3. Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин 2022 – жылдын 18–майындагы 11/36 токтому менен кабыл алынган “Кызыл–Кыя шаарында каада салттарды, салтанаттарды жана үрп-адаттарды тартипке келтирүүнү караган үйлөнүү үлпөтүн, үй-бүлөлүк, мааракелик салтанаттарды, маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана маркумга арналган иш-чараларды өткөрүүнүн тартиби жөнүндө” Жобосуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилип, кабыл алынсын (Жобо тиркелет- 3 барак).
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин Укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, коомдук уюмдар, үрп адат, религия(диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ж.Калматов |