Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыя шаардык кенешинин VII чакырышынын кезектеги 39-сессиясы
2024-жылдын 25 –июну №39/149
Кызыл-Кыя шаардык прокуратурасынын 2024-жылдын 11-июнундагы № А24/136-07-00026 сунуштамасын кароо жөнүндө
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесине негиз, шаардык кеңештин Укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 14-июнундагы №36 протоколун эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1. Кызыл-Кыя шаардык прокуратурасынын 2024-жылдын 11-июнундагы № А24/136-07-00026 сунуштамасы Кызыл-Кыя шаардык кенешинин сессиясында каралгандыгы эске алынсын.
2. Кызыл-Кыя шаардык прокуратурасынын 2024-жылдын 11-июнундагы № А24/136-07-00026 сунуштамасында көрсөтүлгөн ченемдик укуктук актылардын бузулушу четтетилсин жана мындан ары мыйзам бузууларга жол бербөө жагы шаардык кенештин аппаратына жана шаардык кенештин депутаттарына эскертилсин.
3. Бирдиктүү салык декларациясы боюнча түшүндүрмөлөдү өз убагында берип туруу жана окутууларды уюштуруу жагы шаардык салык инспекциясына жүктөлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин Укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, коомдук уюмдар, үрп адат, религия(диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ж.Калматов |