Сравнение редакций…
| 1-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-июнундагы № 334 токтому менен бекитилди) |
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана
миграция министрлигине караштуу "Социалдык коргоону
санариптештирүү борбору" мамлекеттик мекемеси жөнүндө
ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу "Социалдык коргоону санариптештирүү борбору" мамлекеттик мекемеси (мындан ары - Борбор) Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин электрондук башкаруу, социалдык кызматтарды көрсөтүү процесстерин оптималдаштыруу жана жакшыртуу чөйрөсүндөгү долбоорлорду ишке ашырууга багытталган ишин жүргүзүүчү Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин (мындан ары - Министрлик) ведомстволук уюму болуп саналат.
2. Министрлик Борборду уюштуруучу болуп саналат.
3. Борбор уюштуруучулук-укуктук формада түзүлгөн, өз алдынча юридикалык жак - мамлекеттик мекеме болуп эсептелет.
4. Борбор өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын кодекстерин жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Министрликтин актыларын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
5. Борбор социалдык коргоо жаатындагы санариптик чечимдерди техникалык колдоону камсыздоо жана өнүктүрүү боюнча өзүнүн ишин Министрликтин түзүмдүк, ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрү, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер, ишканалар, мекемелер жана башка уюмдар менен өз ара аракеттенүү менен жүргүзөт.
6. Борбордун ишин Министрлик контролдойт.
7. Борборду мамлекеттик башкарууну санариптик трансформациялоонун жалпы процессин ишке ашыруу боюнча ишти координациялоо функциясы Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги тарабынан жүргүзүлөт.
8. Борбор мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары жана башка атрибутикасы бар юридикалык жак болуп саналат.
9. Борбордун толук фирмалык аталышы:
1) мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу "Социалдык коргоону санариптештирүү борбору" мамлекеттик мекемеси";
2) расмий тилде: "Государственное учреждение "Центр цифровизации социальной защиты" при Министерстве труда, социального обеспечения и миграции Кыргызской Республики".
Борбордун кыскартылган фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: "СКСБ ММ";
- расмий тилде: "ГУ ЦЦСЗ".
10. Борбордун өз алдынча балансы жана оперативдүү башкаруу укугунда ага бекитилген мүлкү, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алыш-бериш жана башка эсептери бар.
11. Борбор өз ишин камсыздоо максатында келишимдерди түзүүгө, бүтүмдөрдү жасоого, мүлктү сатып алууга укуктуу.
12. Юридикалык дареги: 720040, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Тыныстанов көчөсү, 215.
2-глава. Борбордун максаттары жана милдеттери
13. Борбордун максаты санариптик продуктуларды иштеп чыгуу, ишке киргизүү жана техникалык коштоо аркылуу Министрликтин компетенциясына кирген иш чөйрөсүндө маалыматтык инфраструктураны тейлөө болуп саналат.
14. Борбордун милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
1) программалык камсыздоо продуктуларын иштеп чыгууну, ишке киргизүүнү жана техникалык коштоону камсыздоо;
2) мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү жана башка электрондук тиркемелерди санариптештирүү чөйрөсүндөгү долбоорлорду иштеп чыгууга, ишке киргизүүгө, коштоого жана тейлөөгө катышуу;
3) маалыматтык системалардын үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыздоо жана коштоо;
4) маалыматтык кызматтарды көрсөтүү жана иштерди аткаруу методу аркылуу маалыматтык инфраструктураны өнүктүрүү жана тейлөө;
5) маалыматтык-техникалык колдоо жана санариптик технологияларды модернизациялоо;
6) Министрликтин системасын жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүн техникалык коштоо жана техникалык каражаттарды иштөө абалында кармоо;
7) маалыматтык системалардын коопсуздугун жана купуялуулугун камсыздоо;
8) жеке маалыматтар сакталуучу маалыматтардын борборлоштурулган маалыматтык базаларын түзүү, тейлөө жана контролдоо;
9) "Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасынын алкагында маалыматтарды ведомстволор аралык алмашууну камсыздоо;
10) Министрликтин жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин санариптештирүү жаатындагы квалификациясын жогорулатуу;
11) Борбордун ишинин сапатын жакшыртуу үчүн кошумча ресурстарды тартуу;
12) маалыматтык системаларга мониторинг жүргүзүү жана контролдоо үчүн инструменттерди түзүү;
13) социалдык камсыздоо жаатындагы санариптештирүү боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатын ишке ашыруу;
14) Министрликтин ведомстволук уюмдарында ички жана ведомстволор аралык координациялоону башкаруунун натыйжалуу механизмдерин түзүү, сунуштарды иштеп чыгуу, маалыматтык системаларды жана маалыматтык-коммуникациялык технологияларды өркүндөтүү боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча иш-чараларды максаттуу ишке ашырууну камсыздоодо Министрликке көмөктөшүү;
15) социалдык камсыздоо жаатында санариптештирүүнү өнүктүрүү моделдерин иштеп чыгуу жана сунуштоо, ошондой эле аларды ишке ашыруу, анын ичинде Министрликтин маалыматтык инфраструктурасынын иштөө тартибин, шарттарын жана схемасын аныктоо;
16) жеке маалыматтарды алуу, сактоо, иштеп чыгуу жана мыйзамдарда каралган учурларда ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга жеке маалыматтарды берүү.
3-глава. Борбордун функциялары
15. Министрликтин жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн социалдык коргоо чөйрөсүндөгү программалык камсыздоо продуктуларын иштеп чыгууну, ишке киргизүүнү жана техникалык коштоону камсыздоо боюнча функциялар:
1) жаңыдан түзүлүүчү маалыматтык системаларды иштеп чыгууда жана ишке киргизүүдө иштерди координациялоо жана башкаруу;
2) маалыматтык системаларды мамлекеттик маалыматтык ресурстарга интеграциялоо, жалпы пайдалануудагы маалыматтык базаны түзүү;
3) эксплуатациялоого берилген маалыматтык системаларды техникалык коштоо жана модернизациялоо;
4) техникалык тапшырмаларды иштеп чыгуу жана макулдашуу;
5) программалык каражаттарды иштеп чыгуу, ишке киргизүү жана жайылтуу, жалпы маалыматтык жана локалдык тармактарды түзүү, маалыматтык сайттарды иштеп чыгуу;
6) компьютердик жана уюштуруу техникасынын каражаттарын техникалык тейлөө;
7) маалыматтык системаларды эксплуатациялоодо алардын пайдалануучуларын окутуу;
8) маалыматтык системалардын пайдалануучуларын колдоо боюнча ишти камсыздоо;
9) маалыматтык технологиялар жаатында консультациялык кызматтарды көрсөтүү;
10) маалыматтык системаларды иштеп чыгуу, коштоо жана пайдалануу үчүн кадрларды окутуу, даярдоо жана кайра даярдоо;
11) Борбордун компетенциясына кирген маселелер боюнча конференцияларды, семинарларды жана башка иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү;
12) социалдык коргоо чөйрөсүндө санариптик технологияларды иштеп чыгуу жана ишке киргизүү;
13) ушул Жободо белгиленбеген, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген жана Борбордун максаттарына шайкеш келген функциялар;
14) автоматташтырууга тийиш болгон процесстерди аныктоо боюнча Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин түзүмдүк бөлүмүнөн келип түшкөн техникалык тапшырмалардын долбоорлорун системалаштыруу;
15) визуалдык материалдарды түзүү, графикалык элементтерди, иллюстрацияларды, макеттерди, фотосүрөттөрдү жана долбоордун башка визуалдык компоненттерин иштеп чыгуу;
16) Министрликтин маалыматтык-коммуникациялык инфраструктурасын жана маалыматтык ресурстарын пайдалануу регламенттерине карата сунуштарды иштеп чыгууга катышуу;
17) серверлерде (физикалык жана виртуалдык) жана жумуш станцияларында программалык камсыздоонун жумуш абалын орнотуу жана кармоо;
18) локалдык жана глобалдык тармактарга кирүүнү уюштуруу;
19) маалыматтарды өз убагында көчүрүүнү жана резервдөөнү камсыздоо;
20) сервердик жабдуулар иштебей калган жана жарактан чыккан учурда маалыматтык ресурстардын иштөө жөндөмдүүлүгүн калыбына келтирүү;
21) сервердик жайдын инфраструктурасын өнүктүрүү жана сервердик жабдууларды сатып алуу боюнча мониторинг жүргүзүү жана сунуштарды иштеп чыгуу;
22) Министрликтин бөлүмдөрүнүн техникалык жабдууга, чыгымдалуучу жана комплекттөөчү материалдарга болгон муктаждыктарына мониторинг жүргүзүү;
23) Министрликтин сервердик жабдууларын монтаждоо жана модернизациялоо;
24) оңдоого мүмкүн болбогон техниканы эсептен чыгарууга актыларды даярдоого катышуу;
25) Министрликтин маалыматтык системаларында жеке маалыматтарды коргоону камсыздоо;
26) маалыматтык системаларды хакердик чабуулдардан коргоо жана алар пайда болгон учурда ыкчам чараларды көрүү;
27) иштеп жаткан тармактардагы бузулууларга мониторинг жүргүзүү, табуу жана аларды ыкчам жоюу;
28) Министрликтин жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин маалыматтык системаларга жеткиликтүүлүгүн камсыздоо/жокко чыгаруу;
29) маалыматтык системалардын коопсуздугун жана купуялуулугун камсыздоо маселелери боюнча Министрлик жана компетенттүү мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүү;
30) мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр порталы аркылуу көрсөтүлүүчү социалдык кызматтардын санын кеңейтүү үчүн сервистерди иштеп чыгуу;
31) Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин түзүмдүк бөлүмү менен бирге маалыматтарды ведомстволор аралык электрондук алмашуу боюнча мамлекеттик жана муниципалдык органдар менен макулдашуулардын долбоорлорун иштеп чыгуу;
32) белгиленген тартипте электрондук социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү жана Министрликтин маалыматтык системаларынын ишин оптималдаштыруу үчүн гранттык/кредиттик жардамды тартуу максатында Министрликтин түзүмдүк бөлүмдөрү менен бирге эл аралык жана коомдук уюмдар менен өз ара аракеттенүү;
33) электрондук социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү жана Министрликтин маалыматтык системаларынын ишин оптималдаштыруу үчүн гранттык/кредиттик жардамдарды тартууга багытталган эл аралык макулдашуулардын долбоорлорун жана долбоордук сунуштарды иштеп чыгууга катышуу.
4-глава. Борбордун укуктары
16. Борбор төмөнкүдөй укуктарга ээ:
1) Министрликтин түзүмдүк, ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнөн, мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, менчигинин түрүнө карабастан уюмдардан, ишканалардан жана мекемелерден зарыл болгон материалдарды суроого жана алууга;
2) мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү жана ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү процесстерин жакшыртуу, автоматташтыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин түзүмдүк бөлүмүнө сунуштарды киргизүүгө;
3) мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга;
4) программалык камсыздоону түзүү жана өнүктүрүү боюнча техникалык тапшырмаларды жана техникалык-экономикалык негиздемелерди иштеп чыгууга;
5) соттордо доогер жана жоопкер катары чыгууга;
6) Борбордун кызматкерлерине консультация берүү, окутуу жана башка максаттар үчүн келишимдик негизде адистерди белгиленген тартипте ишке тартууга;
7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык оперативдүү башкаруу укугунда баланстагы мүлккө ээлик кылууга, пайдаланууга жана тескөөгө;
8) Борбордун максаттарын жана милдеттерин ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эмгек макулдашууларын, мөөнөттүү эмгек келишимдерин жана башка жарандык-укуктук келишимдерди түзүүгө;
9) кызматкерлердин эмгегине акы төлөөгө жана социалдык-тиричиликтик камсыздоого жумшалуучу каражаттардын көлөмдөрүн белгиленген тартипте аныктоого;
10) жараксыз абалдагы жабдууларды жана башка мүлктү баланстан чыгарууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте сатуу үчүн аны баалоого;
11) Борбордун милдеттерин аткаруу үчүн башка субъекттерди ишке тартууга, анын ичинде башкы подрядчы катары чыгууга;
12) лицензиялар же тийиштүү уруксаттар талап кылынган иштин түрлөрү боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан берилүүчү лицензиялардын же уруксаттардын негизинде Борбор өз ишин жүргүзөт;
13) программалык камсыздоону түзүү жана өнүктүрүү боюнча техникалык тапшырмаларды жана техникалык-экономикалык негиздемелерди иштеп чыгууга;
14) социалдык камсыздоо жаатындагы маалыматтык системаларды иштеп чыгууга, ишке ашырууну коштоого жана өнүктүрүүгө;
15) программалык продуктуларды түзүүгө, тестирлөөгө жана өнүктүрүүгө;
16) маалыматтык системаларды толуктап иштеп чыгууга жана модернизациялоого;
17) Борбордун жетекчилигин кошкондо, кызматкерлерди командировка, анын ичинде чет өлкөлөргө, ошондой эле эл аралык конференцияларга, семинарларга жана башка иш-чараларга катышуу үчүн жиберүүгө;
18) өз милдеттерин ишке ашыруу үчүн белгиленген тартипте эл аралык уюмдар менен кызматташууга жана белгиленген тартипте эл аралык жана башка уюмдардын гранттарын жана каражаттарын тартууга;
19) кеңешүүчү, жумушчу жана аналитикалык топторду түзүүгө;
20) обочолонгон мүлккө ээ болууга, өзүнүн атынан мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарды, материалдык жана материалдык эмес активдерди сатып алууга жана милдеттерди аткарууга, соттордо доогер жана жоопкер катары чыгууга;
21) Борбор өзүнүн милдеттенмелери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жооп берет.
5-глава. Борбордун милдеттери жана жоопкерчилиги
17. Борбор төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Министрликтин жазуу жүзүндөгү тапшырмалары аркылуу ушул Жободо белгиленген жумуштарды жана кызматтарды көрсөтүүгө;
2) ага оперативдүү башкаруу укугунда берилген мүлктүн сакталышы боюнча зарыл болгон чараларды көрүүгө;
3) Министрликке өзүнүн иши жөнүндө кварталдык, ар жылдык отчетту берүүгө;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте жана өлчөмдөрдө салыктарды жана башка төлөмдөрдү төлөөгө;
5) өзүнүн өнүгүү келечегин аныктоого жана чарбалык чечимдерди кабыл алууга;
6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик сырды жана купуя маалыматты коргоону камсыздоого;
7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана түзүлгөн келишимдерге ылайык өз милдеттенмелерин аткарууга;
8) Борбордун кызматкерлери үчүн эмгектин коопсуз шарттарын камсыздоого жана алардын ден соолугуна жана эмгекке жөндөмдүүлүгүнө келтирилген зыян үчүн белгиленген тартипте жоопкерчилик тартууга;
9) Борбордун кызматкерлерин социалдык, медициналык жана милдеттүү камсыздандыруунун башка түрлөрү менен камсыздоого;
10) ушул Жободо аныкталган бардык талаптардын, милдеттердин сапаттуу жана өз убагында аткарылышын камсыздоого.
18. Борбордун кызматкерлери өз милдеттерин аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
6-глава. Борбордун ишин уюштуруу
19. Борбордун ишин Министрлик координациялайт.
20. Борборду Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин (мындан ары - министр) сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу директор жетектейт.
Директор жок болгон учурда анын функцияларын министр тарабынан кызматка дайындалуучу башкы программист аткарат.
21. Борбордун директору:
1) Борборго жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
2) Борбордун ишинин өз убагында жана сапаттуу аткарылышын уюштурат жана камсыздайт;
3) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык кадрларды тандоону жана жайгаштырууну, Борбордун кызматкерлеринин квалификациялык деңгээлин жогорулатууну жалпы жетектейт;
4) Борбордун кызматкерлеринин функционалдык милдеттерин бекитет;
5) Борбордун кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
6) Борбордун кызматкерлерине карата тартиптик жаза жана сыйлоо чараларын көрөт;
7) белгиленген компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык Борбордун өндүрүштүк ишинин оперативдүү, кадрдык жана башка учурдагы маселелери боюнча буйруктарды чыгарат;
8) иштеги жетишкендиктери жана демилгелерин көрсөткөндүгү үчүн Борбордун кызматкерлерин белгиленген тартипте мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктар менен сыйлоого сунуштайт;
9) бардык уюмдарда жана сот инстанцияларында Борбордун атынан чыгат;
10) Борбордун түзүмүн, штаттык расписаниесин жана чыгымдар сметасын министрге бекитүүгө берет.
22. Директор Борборду башкаруунун башка милдеттерин жана функцияларын аткарат, колдонуудагы мыйзамдарга жана ушул Жобого ылайык Борбордун ишинин максаттарына жетүү үчүн зарыл болгон иш-аракеттерди жүргүзөт.
23. Борбордун эмгек жамаатын эмгек мыйзамдарынын негизинде анын ишине катышкан Кыргыз Республикасынын жарандары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында эмгектик, консультациялык же эксперттик ишке тартылган жарандар түзөт.
24. Кызматкерлердин иштөө жана эс алуу режими, аларды социалдык камсыздоо Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарынын ченемдери менен жөнгө салынат.
25. Борборго кызматкерлерди жана зарыл болгон жабдууларды жайгаштыруу жана камсыздоо үчүн жай бөлүнөт.
26. Борбордун каржылоо булактары төмөнкүлөр болуп саналат:
- республикалык бюджет;
- гранттык каражаттар;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактар.
27. Борбордун кызматкерлеринин эмгек акысы Министрлик тарабынан бекитилген чыгымдар сметасына ылайык республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржыланат.
28. Борбордун балансында бюджеттик ассигнованиелердин эсебинен алынган негизги каражаттар жана материалдык баалуулуктар бар жана алардын сакталышын камсыздайт.
29. Борбор жарандык мыйзамдарда жана ушул Жободо аныкталган шарттарда жана тартипте өзүнүн ишинин максаттарына жана мүлктүн багытына ылайык уюштуруучу тарабынан ага берилген мүлктү жана финансылык каражаттарды оперативдүү башкаруу укугунан пайдаланат.
30. Борбордун оперативдүү башкаруу укугунда өзүнө таандык болгон кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктү сатууга, күрөөгө коюуга, чарбалык коомдордун жана шериктештиктердин уставдык капиталына салым катары киргизүүгө же уюштуруучунун макулдугусуз бул мүлктү башка ыкма менен тескөөгө укугу жок.
7-глава. Эсепке алуу, отчеттуулук жана контролдоо
31. Борбор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте оперативдүү, бухгалтердик жана статистикалык эсепти жана отчеттуулукту жүргүзөт.
32. Борбордун финансылык-экономикалык ишин Министрлик жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аларга өз компетенциясынын чегинде ишти текшерүү жүктөлгөн башка мамлекеттик органдар контролдойт.
8-глава. Корутунду жоболор
33. Борборду уюштуруу жана иштөө маселелери ушул Жобонун жана Министрликтин локалдык актыларынын негизинде чечилет.
34. Ушул Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү зарыл болгон учурда Министрлик тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзгөртүүлөр киргизилет.
35. Борбордун иши ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кайра уюштурулган же жоюлган учурда токтотулушу мүмкүн.
36. Кайра уюштурулган учурда Борбордун бардык мүлктүк укуктары жана милдеттери анын укук мураскерине өтөт.
Борбор жоюлган учурда Борбордун иш процессинде пайда болгон документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 2-июнундагы № 383 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ