Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыя шаардык кенешинин VII чакырышынын кезектеги 39-сессиясы
2024-жылдын 25 –июну №39/154
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин 2023-жылдын 28-сентябрындагы №29/105 “Кызыл-Кыя шаардык кенешинин 2023-жылдын 4-майындагы №23/81 “Кызыл-Кыя шаарынын аймагында жайгашкан 57,42 га жер тилкелерин которууга (трансформация) макулдук берүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу жер ресурстары, кадастр, геодезия, жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 5-июнундагы № 11-9/2346 сандуу катында көрсөтүлгөн кемчиликтерди эске алуу менен жана Кызыл-Кыя шаарынын мэри А.Маткалыковдун 2024-жылдын 25-июнундагы №01-8/1697 катын карап чыгып жана шаар мэринин сессияда берген сунушун эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин 2023-жылдын 28-сентябрындагы №29/105 сандуу токтомунун 1-пунктуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилип, төмөндөгүдөй мазмунда окулсун: “Кызыл-Кыя шаарынын аймагындагы айыл чарба багытындагы жерлер категориясындагы 57,42 га жер аянты анын ичинде №76 контурдагы 3,0 га кысыр аңыз, №53а контурдагы 1,41 га мелиоративдик курулуш алдындагы жер, №34 контурдагы 0,34 га таштуу жайыт, №49а контурдагы 7,15 га таштуу жайыт, №257 контурдагы 8,68 га кысыр аңыз, №239 контурдагы 0,76 га таштуу жайыт, №241 контурдагы 0,53 га жайыт, №248 контурдагы 2,61 га таштуу жайыт, №249 контурдагы 17,18 га таштуу жайыт, №252 контурдагы 1,48 га таштуу жайыт, №253 контурдагы 1,04 га таштуу жайыт, №378 контурдагы 0,02 га таштуу жайыт, №73 контурдагы 2,86 га кысыр аңыз, №75 контурдагы 6,45 га кысыр аныз, №69 контурдагы 2,52 га таштуу жайыт, №72 контурдагы 0,11 га таштуу жайыт, №71 контурдагы 0,06 га башка жерлер (сай), жалпысы 56,2 га жер аянты калктуу конуштагы жерлер категориясына жеке турак жай куруу үчүн которууга жана №797 контурдагы 0,69 га сугат айдоо, №787 контурдагы 0,23 га сугат айдоо, №786 контурдагы 0,27 га кысыр аныз, №798 контурдагы 0,03 га жайыт, жалпысы 1,22 га жер аянты социалдык объектилерин куруу үчүн которууга макулдук берилсин (Кыргыз Республикасынын 31.07.2009-жылдагы №257 Мыйзамына ылайык сугат айдоо жерлерин башка категорияга жана түрүнө которууга киргизилген мораторий муниципалдык же мамлекеттик менчикте турган саламаттыкты сактоо объектилерин, жалпы билим берүү объектилерин курууга жайылтылбайт). Трансформацияга даярдалган 57, 42 га жердин даярдалган башкы планы бекитилсин”.
0. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин Коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, архитектура жана курулуш маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ж.Калматов |